Загрузка документа…
А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-февралы № 14-3
А. Мирмахмудов айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылдын 24-февралындагы № 3 протоколун бекитүү жөнүндө
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Арал айылынын чыгыш туштук жагындагы Кара-Кой атту жайыт жерлерини мыйзамсиз турдо ээлеп алган кишилерге чара корүүп мыйзамсыз ээлеп алынган жайыт жерлерин жайыт комитетине кайтаруу максатында А.Мирмахмудов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. А. Мирмахмудов айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2018-жылдын 24-февралындагы №3 протоколу бекитилсин (протокол тирклет)
2. А. Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Арал айылынын чыгыш туштук жагындагы Кара-Кой атту жайыт жерлерин мыйзамсыз ээлеп алган Канназаров Ташполоттон 0,18га жана Досанов Сабырдан 0,36га жерлер Кыргыз Республикасынын жер кодексинини 4-беренесинин негизинде А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине кайтарылсын.
3. Жогорудагы жерлерди кайтаруу А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин талаш-тартыштарды жойуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
4. Жогорудагы токтомдун атакрылышын көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы А.Фазиловго тапшырылсын.
Төрага И. Исмаилов
Депутаттардын Мирмахмудов айылдык кеңешинин
VI- чакырылышы кезксиз 14 сессиясынын
№14-3 токтомуна тиркеме
А. Мирмахмудов атындагы ЖПБсинин жайыт комитетинин 2018- жыл 24 – февралында өткөрүлгөн отурумунун
№ 3 ПРОТОКОЛУ
Чапаев айлы 24.02.2018 ж
Катышуучулардын саны 20 - анын ичинен эркектер 18 , аялдар 2
Кун тартибинде
Чогулуштун торагасы жана катчысыны шайлоо
Жайыт жерлерини мыйзамсиз турдо ээлеп алган кишилерге чара кору
№ 1 Маселе боюнча чогулуштун торагалыгына А.Фазиловтун, катчылыгына Б.Досанованин кандидатурасыны сунуштады. Чогулуш катуушучулары бир добуштан колдоп, чогулуштун торагалыгына А.Фазиловтун , катчылыгына Б.Досанованин кандидатурасын шайлап алышты.
№2 маселе боюнча ; Арал айылынын айыл башчысы ЖКнин мучосу жана талаш-тартыштарды жою комитетинин башчысы жолдош А.Эсенкуловко соз берилди. Созго чыккан А.Эсенкулов томонкучо соз суйлоду; Урматту чогулуш катышуучулары биздин Арал айылынын чыгыш туштук жагындагы Кара-Кой атту аянты 8,86 га дан турган жайыт картасында жайыт деп белгиленген . Аралдыктардын прицелдик кунумдук пайдалануучу жайыт жери болуп, элдердин чарба малдары багылган болчу. Биз атайын тузулгон комиссиянын катышуусунда 25 – декабрь 2017 – жылда ошол жер аянттарыны ЧПS навигатору менен олчоп тактап чыктык. Натыйжада 4,77 га жер илгерки айыл окмотунун берген токтомдорунун негизинде 4 уй-булоо уй уй жай салып Гос.Акт алып менчиктештирип алыптыр. Дарьянын жеегиндеги беттен 1 га жайыт жерди суу жеп кеткендиги нын натыйжасында азыркы кундо 3,09 га таза жайыт калгандыгы такталды. Бирок ошол жердын ичинен Канназаров Ташполот 0,18 га , Досанов Сабир болсо 0,36 га жерди эч кандай мыйзамсыз турдо тосуп , кочот эгип , чоп-жай кылып оз кызыкчылыгы учун пайдаланып турушат. Арал элинин т атынан 18 адам кол коюп жолдогон арыз келип тушкон. Ошол мыйзамсыз тосулгон жер тилкесин ачтырып жайыт комитетине кайтарсак жана ушул жайыттан эл пайдаланса . Биз ар убакыт чогулуш откорсок Арал айылында биринчи койгой ушул жер болуп турат , ошондуктан сиздер колдоп бериниздер. Биз Айылдык Кенештен суранып ушул жерди Токтомдун негизинде кайтарып алсак деп сунушун берди. Чогулуш катышуучулары бир дообуштан колдоп чыгышты.
Отурум катышуучулору томонкудой чечым кабыл алышты;
Арал айылынын Кара-Кой жайлоосундагы мыйзамсыз тосулгон жерлерди ачтырып Жайыт Комитетине кайтарып , элдын кызыкчылыгы учун пайдалануну Айылдык Кенешке сунушталсын. (арыз тиркелсин)
Ушул сунушту мыйзамдаштырып беру жагы А.Мирмахмудов Айылдык Кенешине сунушталсын.
Жайыт комитетинин торагасы: А.Фазилов
Жайыт комитетинин эсепчысы: Б.Досанова