Загрузка документа…
А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-февралы № 14-4
А. Мирмахмудов ЖПБсине 3589 га жайыт жерлерини туруктуу пайдаланууга өткөрүп, бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн салык кодексинин 343-беренеси 1.7 пунктуна таянып, Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясинин 14.07.2016-жылдагы № 102 сандуу буйругу жана А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 03.08.2016-жылдагы №-2 буйругун негизинде атайын түзүлгөн комиссиясы тарабынан жайыттардагы өткөрүлгөн ички каттоо-мониториңдин негизинде А. Мирмахмудов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. А.Мирмахмудов ЖПБсине 3589га жайыт жерлерини туруктуу пайдаланууга откоруп берилип, ушул жогорудагы 3589 га жер аянтынын ичинен Ноокат Райондук Кадастр жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды катто башкармасынын 13.11.2017-жылдагы №209 сандуу аныктамасын негизинде Кара-Кой, Буудайлык, 1-2- бөлүктөрү жана Капка жайлоолорундагы 576га жайыт жер аянтын бийик тоолу аймакка киргендиги себептүү мамлекеттик жер салыгынын 12,70 тыйындык базасын 50 % га төмөндөтүп, 2018–жылга төлөнүүчү жайыт жер салыктарын 3589га жерге 43 469 сом деп бекитип берилсин.
2. Жогорудагы бекитилип берилген жерди чек-араларын мыйзамдын негизинде тактап алуу А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы А.Фазиловго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин тиешлүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Төрага И. Исмаилов