Загрузка документа…
А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-апрели № 15-3
А. Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча акча каражатын киргизүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү айыл аймагындагы социалдык инфраструктураны жакшыртуу максатында Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат иниституту аткарган «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорунун алкагында Беш –тал участкасындагы «Келечек үмүттөрү» балдар бакчасын инфраструктурасын жакшыртуу максатында (ажаткана жана тамак-аш даярдоочу жай) куруу боюнча «Келечектин балдары» чакан долборун даярдашкан. Долбордук сунуш донордук уюм тарабынан жактырылып айыл өмөтүнө бир миллион (1 000 000) сомдук сертификат ыйгарылган.
Донордук уюмдун талабы боюнча айыл өкмөтүнө ыйгарылган грант акчасы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошулушу жана жалпы планда көрсөтүлүү керек экен. Жогрудагы жагдайларды эске алып А.Мирмахмудов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат иниституту аткарган «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорунун алкагында Беш –тал участкасындагы «Келечек үмүттөрү» балдар бакчасын инфраструктурасын жакшыртуу максатында (ажаткана жана тамак-аш даярдоочу жай) куруу боюнча «Келечектин балдары» чакан долбору үчүн ажыратылган бир миллион (1 000 000) сом акча каражаты А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылкы бюджетине киреше катары кошулсун.
2. Айыл өкмөтүнүн жылдык финансылык планына толуктоолорду киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнө тапшырылсын.
3. Жогорудагы толуктоолорду Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Ноокат райондук бөлүмүнүн атайын пландарды каттоо программасына киргизүү жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровдорго жүктөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Исмаилов |