Загрузка документа…
А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-апрели № 15-4
А. Мирмахмудов айыл аймагынын калктуу онуштарына кирген жерде жайгашкан эски «Рахат» чайканасынын экинчи кабатын мечит кылып пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө
А. Мирмахмудов айыл аймагынын борборунда жайгашкан «Рахат» аталар чайканасы өткөн кылымдын 80-жылдары Чапаев атындагы колхоздун мүлүкү болуп курулуп, көп жылдар иштетилип келинген, замандын талабынан келип чыгып Кыргыз Республикасында айыл чарба реформасы жүргүзүлгөн үчүрдө колхоз реформа болуп аталган чайкана да колхозчулордун мүлкү катары үлүшкө болунуп кеткен. Өткөн жылдары аталган чайкананын үлүш ээлери ар кандай кишилерге ижарага берип иштетишип келишкен, бирок жылдар өткөн сайын, заманбап чайкана жана ашканалар курулуп, чайкананын имараты моралдык жактан эскирип, элдердин келүүсү төмөндөп, чыгашалуу обьекттке айланып калгандыктан, ижарага да алынбастан таштанды имаратка айланып, ал жерде ар түрдүү дайынсыз кишилер ээлеп, каналарды эшик терезелерин талкаланып жаткандыктан, элдерден сунуш тушуп аталган имараттын экинчи кабатын райондун борборундагы базарга келген жана райондун борборуна келген элдерге мечит кылып берүү өтүнүчү менен эки жүз үч адамдан айыл өкмөтүнө сунуш келип түшкөндүктөн, айыл өкмөтү бул сунушту айылдык кеңешке, мыйзам талаптарынын негизинде карап чечип берүүсүн суранып кат жолдогон.
Жогорудагы обьект чоң обьект экендигин, мындай обьекттин кароосуз калтыруу мумкун эместигин эсепке алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкару жөнүндөгү» мыйзамынын 3гл, 18-беренесинин 1-бөлүмүнүн №2,15-пункуттарынын талаптарына, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 5гл. 19-беренесинин талаптарына таянып жана 2018-жылдын 18-апрелиндеги эки жүз үч кишиден турган аксакалдарынын сунушун колго алып, А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI шайланган депутаттардын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкару жөнүндөгү» мыйзамынын 3гл, 18-беренесинин 1-бөлүмүнүн №2,15-пункуттарынын талаптары, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 5гл. 19-беренесинин талаптары жана 2018-жылдын 18-апрелиндеги эки жүз үч кишиден турган аксакалдарынын сунушу жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. А. Мирмахмудов айыл аймагынын борборунда жайгашкан эски «Рахат» чайканасы имаратынын, жалпы аянты 650 ч.м. аянтты түзгөн экинчи кабаты Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
3. А. Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынган,650ч.м. аянтты ээлеген эски «Рахат» чайканасынын экинчи кабатындагы бардык бөлмөлөрү элдердин диний ибадатын аткаруу максатында мечит кылып иштетүү үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде мөөнөтсүз пайдаланууга, келишимдин негизинде, ал жерде ибадат кылган жааматке өткөрүп берилсин.
4. Ушул токтомдун мыйзамдуу түрдө аткарылышы А. Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А. Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Исмаилов |