Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-марты № 8
Сары-Могол айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигинин, «Ченемдик укутук актылары жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет» деп көрсөтүлгөндүгүнө негиз жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Сары-Могол айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айылдык кеӊештин аймагында жашаган адамдардын баары мамлекеттик тилди билгендиктен айылдык кеӊештин сессиясында ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.
2. Айылдык кеӊештин сессиясында ченемдик укутук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдор малекеттик тилде кабыл алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Могол айылдык кеӊешин жоопту катчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
А.Нишанов |