Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-марты № 8/1
Сары-Могол айылында 2013-жылы ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада, салт. урп. адат. ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө
Алай райондук мамлекеттик админстрациясынын 12.03.2013-ж. № 54 буйругун жетекчилике алып Сары-Могол айылында 2013-жылы ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада, салт. урп. адат. ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Маркумду акыр сапарга узатууда
- жылкы союга тыю салынсын, майда мал 3 (үчөө) гана союлсун
- көнүл айтып барууда мал алып барууга тыю салынсын.
Акча каражатыга берилсин.
Чай ичирүү боюнча чек коюлсун.
- аза күтүп жаткан үй бүлөө мүчөлөрү тарабынан сандык ачуу сыяктуу ырым-жырымдар жөнгө салынсын
- үчтүк бешембилик, кырктык деген маркумду эскерүү ырым-жырымды маркумдун жакын туугандары менен гана өткөрүлсүн
- тажияда дасторкон нан алуу пакет көтөрүп кетүү токтотулсун.
2. Тойлорду, юбилейлерди өткөрүүдө:
- тойлорду, юбилейлерди өткөрүүдө ашыкча шаан-шөкөттөргө жол берилбесин
- ЗАГС чыгууда 3 (үч) гана жеӊил авто машина чыксын. Милиция органдары аркылуу көзөмөлгө алынсын. Ашыкча шаан-шөкөтсүз өткөрүлсүн.
- стол тойлорун сыртта өткөрүү токтотулсун. Ички иштер бөлүмү жана комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
- кыз ала качууга тыюу салынсын. Ушул иш милиция органдары аркылуу көзөмөлгө алынсын мыйзам чегинде жоопкерчилик жагы белгиленсин.
- той тамашаны өткөрүүдө айыл өкмөтү ыксыз чыгымдарды жоюуу боюнча комиссия мүчөлөрүнүн уруксатсыз өткөрүлбөсүн.
- улак берүү айыл өкмөтү жана комиссиялардын уруксаты менен берилсин.
Төрага |
А.Нишанов |