Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-марты № 8/2
Сары-Могол айылында 2013-жылы ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт урп-адат ырым-жырымдарды жана коомдук жолго коюу жөнүндө
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 12.03.2013-ж. № 54 буйругун жетекчилике алып Сары-Могол айылында 2013-жылы ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт урп-адат ырым-жырымдарды жана коомдук жолго коюу боюнча Сары-Могол айылынын жамаатарынын суроо талаптарын талкуулап Сары-Могол айылдык кеӊеши төмөнкүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Коомдук жайларда, Сары-Могол айыл базарында жана базар ичиндеги ашканаларда, айыл ичинде арак сатылган үй-бүлөлөргө, «Перити-коал» көмүр кенинин жанында мыйзамсыз арак саткан комоктор, дүкөндөр, ушул токтомдун негизинде жазана салынып, айылдык милиция бөлүмү тарабынан катуу контролукка алынсын.
2. Коомдук жайларда базарда мас абалында жүргөн жарандарга милиция бөлүмү тарабынан контролдукка алынсын жана тартип жөнгө салынсын.
3. Жазана боюнча түшкөн салыкты жергиликтүү бюджетке багыттоо контролдоо милдети айылдык кеӊештин салык, бюджет, пландоо боюнча төрагасы Ж. Исмаиловго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун милиция бөлүмү тарабынан коррупциялык жол менен аткарылбашына жана ушул маселе боюнча эл арасындагы келишпестиктерди чечүү жагы айылдык кеӊештин укук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүп жана контролдоо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына тапшырылсын.
Төрага |
А.Нишанов |