Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-апрели № 10
Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жайыт жерлери жакшыртуу үчүн, сугат айдоо жана чабынды жерлерге салык жана ижара акыларын бекитүү жөнүндө
Айыл ичинде курулуш үчүн алына турган шагыл, топурак үчүн жер (участок) бөлүп берүү жана акыр чикирлерди төгүүчү чункур менен (яма) беккр аны иретке келтирүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн белгилүү жайт жерлерин эррозиядан сактоо максатында көп жылдык өсүмдүктөрдү себүүгө уруксат берилсин.
2. Жайыттынайдалган жерлерине ижара акы 200 сом чабындыга 100 сом деп белгиленсин.
3. Суулу айдоо жерлерине ижара акы (күнгөй боюнча) 150 сом суулу чабындысына 100 сом деп бекитилсин.
4. Турак жай курулуш үчүн калкка топурак алууга контур № 4 № 5 ИНВ № 325, 326 0,36га негизги каналдын үстүнөн пайдаланууга жараксыз жеринен жана № 2 контур 211 ИНВ 186 эски канал, ат жолунун кошулуда 0,10га чектелип берилсин.
5. Мал жандыктын калдыктарын комүүчү яма БЕККЕРаны жана акыр-чикир таштоочу чункурду тез арада иретке келтирүү уюштурулсун.
6. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн базарына автоунаа токтоочу жай белгиленсин.
7. Бардык түшкөн кирешелер өз багытында мамлекетке төгүлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын убактылуу жайыт комитетинин төрагасы М. Жээнековго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Абдыкадыровго милдеттендирилсин көзөмөл жана уюштуруу иштери айыл өкмөтүнүн башчысы А. Курмушуевке жүктөлсүн.
Төрага |
А.Нишанов |