Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-июну № 11
Сары-Могол айылдык аймагынын башчысы А. Курмушевдин 2013-жылдын 6 айындагы бекитилген максаттуу грантты 709-разделин ичинде жылдырып берүү жөнүндө
Сары-Могол айылдык кеӊешинин Сары-Могол айылдык аймагынын башчысы А. Курмушевдин 2013-жылдын 6 айындагы бекитилген максаттуу грантты 709-разделин ичинде жылдырып берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Могол айылдык аймагынын бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү орто мектептин сметасында 6 айга каралган айлык акыга жана соцфондко чегерүүлөр боюнча үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен төмөндөгстатьялардагы жетишпестиктерди жабуу үчүн балдар бакчасынын айлык акыга 54,9 миӊ сом жана соцфондко чегерүүлөр үчүн 7,9 миӊ сом, музыкалык мектепке айлык 76,5 миӊ сом, соцфондко 9,2 миӊ сом, жалпы 148,5 миӊ сом, акча каражаты жылдырылсын.
2. Жогорудагы өзгөртүүлөрдү 2013-жылдын 2-кварталына киргизип берүү жагы Алай райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткрылышын камсыз кылуу Сары-Могол айылдык округунун ФЭБ башчысы Р. Саитовго милдеттендирилсин.
Төрага |
А.Нишанов |