САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Могол айылдык кеңешинин III чакырылышынын IV сессиясы
2013-жылдын 16-августу № 13/1
Сары-Могол айыл округунун аймагында жер жана мүл салыктарын киргизүү жөнүндө
Сары-Могол айыл округунун аймагында жер жана мүл салыктарын киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 3-берененсинин 31 бөлүгүнө жана КРнын Салык Кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү 17-октябрь 2008-жылдын № 231 КРнын мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Сары-Могол айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Могол айыл округунун аймагындагы 1-январь 2014-жылдан баштап жер салыгы жана мүлк салыгы колдонууга киргизилсин.
2. Бул токтомдо көрсөтүлгөн салыктарды жыйноо Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
3. Сары-Могол айыл округунун аймагында жер салыктарын эсептөө үчүн КЗ-зоналдык коэффициенти 0,6 болуп бекитилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Могол айылдык кеӊешинин пландоо жана бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Ж. Исмаиловго жана Сары-Могол айыл округунун башчысы А. Курмушуевге милдеттендирилсин.
Төрага |
А.Нишанов |