Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-августу № 13/2
2012-жылдын 2013-жылдан 1-январына карата өздүк кирешеден иштетилбей калган акча каражатынын эсебинен айыл өкмөтүнүнаппаратына, балдар бакчасына жана орто мектепке кошумча төлөп берүү жөнүндө
Кыргыз республикасынын Мамлекттик Салык кызматынын Алай району боюнча башкармалыгынын 18.07.2013-жылдагы № 07-01/566 көрсөтмөсүнө көрсөтүлгөн жер салыктарын эсептөөдө 1,2 КЗ зоналдык коеффицентин бекитип берүү үчүн айылдык кеӊеш талкуулап төмөнкүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2012-жылдын 2013-жылдан 1-январына карата өздүк кирешеден иштетилбей калган акча каражатынын эсебинен айыл өкмөтүнүн аппаратына, балдар бакчасына жана орто мектепке төмөндөгүдөй акча каражаты бөлүнүп берилсин:
А) айыл өкмөтүнүн аппаратынын 2111 ст. – 46,8 миӊ сом, 2121 ст. -8,1 миӊ сом, 221156900 ст. -10,0 миӊ сом, 22152100 ст. 39,7 миӊ сом. Жалпы айыл өкмөтүнүн аппараты боюнча 104,6 миӊ сом
Б) балдар бакчасына 22152100 ст. – 70,0 миӊ сом
В) Х. Алимсеитов атындагы орто мектебине 22152100 ст. – 5,0 мин сом. Жалпы бардыгы 179,6 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы өзгөртүүлөрдү Сары-Могол айыл округунн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 2013-жылдын 3-кварталына киргизип берүү жагы Алай райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
3. Сары-могол айыл округунда жер салыктарын эсептөөдө КЗ-зоналдык коеффицент 1,2 зоналдык коеффицентке бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Могол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Саитовго Салык адиси И. Матировго милдеттендирилсин.
Төрага |
А.Нишанов |