Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-августу № 13/3
Кыргыз Республикасынын укутук актылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын 8-беренесине ылайык Алай районунун Сары-Могол айылдык кеӊешинин депутаттары жайыт жеринен туризм үчүн пайдаланууну камсыз кылуу максатында А. Нишановдун арызын кароо жөнүндө
«Тулпар-Көл» жайлоосунан 1 гектар жерди жайыт жерин туризм үчүн ижарага берүү боюнча талкуулап Сары-Могол айылдык кеӊеши төмөнкүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айылынын тургуну А. Нишанов «Тулпар-Көл» жайлоосунан жайыт комитетинин көрсөтмөсү менен келишимдин негизинде 1 (бир) га жер бөлүнүп, убактылуу туризм үчүн ижарага берилсин.
2. 1 (бир) га жер үчүн жер салыгы 300 сомдон чегерилсин.
3. Салыкты жыйноо, түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети М. Жолдошбаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А, Курмушуевге жүктөлсүн.
Төрага |
А.Нишанов |