Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-октябры № 14
Сары-Могол айыл округунун башчысы А. Курмушуевдин мектепти жылытуу боюнча 10 (печка) кернейлер жетишпегендиги жана мектеп китепканасынын 2013-2014-окуу жылындагы инвентаризациянын 6-октябрь 2013-жылдын эсептөө жүргүзүүсүн талкулоо жөнүндө
А. Курмушуевдин мектепти жылытууга 10 печка үчүн 40 000 (кырк) миӊ сом кернейлер үчүн 10 000 (он) миӊ сом, балдар бакчасы үчүн печкага 30 000 (отуз) миӊ сом, 702-разделдеги (коргонуу) 2013-жылдын сметасындагы өзгөчө кырдаалдар үчүн бөлүнгөг акча каражатынан бөлүп берүү жөнүндө баяндамаларын угуп Сары-Могол айылдык кеӊешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 702-разделдеги (коргонуу) 2013-жылдын сметасына өзгөчө кырдаалдар үчүн бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен печка, керней сатып алуу үчүн мектепке 50 000 (элү) миӊ сом, балдар бакчасына 30 000 (отуз) миӊ сом жылдырып берилсин.
2. Эсептөө комиссия актысына ылайык Сары-Могол айыл округундагы Х. Алимсеитов атындагы орто мектебинин 2007-жылы түшкөн 20184 сом 01 т сомдук эски китептер жараксыз деп табылсын.
3. Мектеп жана ясли үчүн жалпы 80 000 (сексен) миӊ сом акча каражатын бөлүп берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы Сары-Могол айылдык округунун башчысы А. Курмушуевге жана ФЭБ башчысы Р. Саитовго тапшырылсын.
Төрага |
А.Нишанов |