Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-апрели № 5-11
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылына жаӊыдан балдар бакчасын куруу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылына элдин суроо талабын орундатуу максатында балдар бакчасын куруу үчүн Ош облусунун мамлекеттик жерге жайгаштыруу ишканасынын 11-апрель 2017-жылдын № 01-8-5-05-05-28 сандуу корутундусуна негиз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жер кодексинин 13-32-беренелерине ылайык,»Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 26-беренесинин 6 пунктунун 4 бөлүмүнө таянып, Т. Кулатов атындагы айылдык кеӊештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылына элдин суроо талабын орундатуу максатында 90 орундуу балдар бакчасын куруу үчүн макулдук берилсин.
2. Жер аянттарын тактап, тийиштүү юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагыайыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Топчубаев |