Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-декабры № 9-15
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн менчигиндеги жерлерди аукцион аркылуу сатуу үчүн комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер аянттарын түз жана аукцион аркылуу сатуу үчүн Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамына негиз комиссия курамын бекитүү үчүн Т.Кулатов атындагы айылдык кеӊештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер аянттарын түз жана аукцион аркылуу сатуу, жерлерди ижарага берүү боюнча комиссия курамы бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
2. Түз жана аукцион аркылуу сатылган жерлердин акча каражаты, келишимдин негизинде түшкөн ижара акы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине төгүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | А. Топчубаев |
«БЕКИТЕМИН»
_____________А.Топчубаев
Т.Кулатов атындагы айылдык кеӊешинин
VI- чакырылышындагы депутаттардын кезектеги
9-сессиясынын №15 токтомуна тиркеме
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык жер аянттарын түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча комиссия курамы:
Комиссиянын төрагасы: Көчкөнов Д.-айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
Катчысы: А.Жээнбаева-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.
мүчөлөрү: Бойдонов С- айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик обьектилерин куруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси
Зулпуев А.- ФЭБ башчы
Ураимов Р -айыл өкмөтүнүн жер адиси
Паязов Ж-айыл башчы
Чодонова Ө –айыл башчы
Закиров А –айыл башчы
Маткаримов К –айыл башчы
Абдуллаев Г. –Ноокат райондук архитектурасынын жетектөөчү адиси (макулдугу менен)
Карабаев К.- Ноокат райондук мамкаттоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси. (макулдугу менен )