Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты № 11-2
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2017-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчисинин 2017-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчетун угуп жана талкуулап Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси А.Камаровдун 2017-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү боюнча суугат суу пайдалануучуларга төмөнкүдөй наркта сугат сууга көрсөткөн кызмат акы үлүштүк 1га (бир) сотых жер аянтына 600 (алты жүз) сомдон, ал эми тамаркага 1 (бир) сотых жер аянтына 15 (он беш) сомдон, ал эми бак насос жана чаркы палак менен ж.б. суу пайдалангандарга 1 (бир) сотых жер аянтына 15 (он беш) сомдон тариф бекитилсин.
3. Суу ресурстарын башкаруу Фаз-1 долбоору тарабынан “Ходжа-Арык” СПАсына реабилитациялоо үчүн берилүүчү акча каражатын алууга жана 25 % пайыздык кайтарымды СПА өз учурунда төлөй албай калса же жоюлуп кетсе төлөп берүүнү өз кепилдигине алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 649 токтомунун негизинде, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго кепилдик кат берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөолдөө жагы айылдык Кенештин “айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчиси Н.Мадимаровго жүктөлсүн.
Төрага | А. Топчубаев |