Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты № 11-3
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин Т.Кулатов атындагы борбордук жол тарабындагы эгилген тал-теректерди кесүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин Т.Кулатов атындагы борбордук жол тарабына эгилген тал-теректер мектеп окуучуларына кооптуу жаратып жаткандыгына жана ал жерден «Кайрагач каналы» курулуп жаткандыгын эске алуу менен айыл чарба,суу,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-беренесине, жер кодексинин 44-беренесинин 3 пунктуна таянып Т. Кулатов айылдык Кеӊешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынакараштуу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин Т.Кулатов атындагы борбордук жол тарабындагы эгилген тал-теректер кестирип алдырылсын.
2. Ош аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын Ноокат жана Араван райондору боюнча башкармалыгынан уруксат алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Топчубаев |