Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты № 11-4
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына жаныдан курулуп жаткан спорт комплексине “ООган согушунун ардагери, “ Эрдик” медалынын ээси Жунусов Айдарали Исаковичтин атын ыйгаруу жөнүндө
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына жаӊыдан курулуп жаткан спорт комплексине “ООган согушунун ардагери, “ Эрдик” медалынын ээси Жунусов Айдарали Исаковичтин атын ыйгаруу жөнүндө Ооган согушунун ардагерлер кеӊешинин жыйынынын № 1 протоколун угуп жана талкуулап, Жунусов Айдарали Исаковичтин эрдигин баалап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 4 бөлүгүнүн 31-беренесине таянып Т. Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ооган согушунун ардагерлер кеӊешинин 2018-жылдын 15-февралындагы № 1 протоколу колдоого алынсын.
2. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына жаӊыдан курулуп жаткан спорт комплексине “ООган согушунун ардагери, “Эрдик” медалынын ээси Жунусов Айдарали Исаковичтин атын ыйгарууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рустамов К. тапшырылсын.
Төрага | А. Топчубаев |