Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты № 11-5
Т. Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине мурда берилген мамлекеттик акттыны өзгөртүп берүү жөнүндө
Т. Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине айылдык кеӊештин 2013-жылдын 18-мартындагы № 4-7 токтомунда бекитилген 11992 га жайыт жер аянты Кыргыз Республикасынын Президиумунун № 1456 25-августундагы 1989-жылкы № 15 токтому менен 6 га жайыт жер аянты “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулгандыгына байланыштуу жайыт комитетине жалпы 11986 га жайыт жерин бекитип берүү жөнүндө айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Т. Кулатов атындагы айылдык кеӊештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине айылдык кеӊештин 2013-жылдын 18-мартындагы № 4-7 токтомунда бекитилген 11992 га жайыт жер аянты Кыргыз Республикасынын Президиумунун № 1456 25-августундагы 1989-жылкы № 15 токтому менен 6 га жайыт жер аянты “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулгандыгына байланыштуу жайыт комитетине жалпы 11986 га жайыт жерин бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Жайыт комитетине мурдагы берилген мамлекеттик актыны оӊдоп жазып берүүнү, Ноокат райондук мамкатоо башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Топчубаев |