Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т. Кулатов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2018-жылдын 14-марты № 11-6
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Кара-Дөбө бөлүмүнүн кооптуу жерде жашаган тургундарына Кожо-Арык айылынын Кызыл бөлүмүнөн жайыт жерлеринен үй салуу үчүн жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Кара-Дөбө участкасындагы кооптуу жерде жашаган атуулдарга үй куруу үчүн жайыт жер аянтынан Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 беренесинин жана “Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү” Жобонун 31-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 47-беренесин жетекчиликке алып, Т. Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Кара-Дөбө участкасындагы кооптуу жерде жашаган атуулдарга үй курууүчүнжайыттан 0,70 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Кара-Дөбө участкасындагы кооптуу жерде жашаган атуулдарга үй курууүчүнжайыттан 0,70 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бекитилип берилген жер аянттарына архитектуралык иш кагаздарыны даярдап берүү жагы Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
4. Бекитилип берилген жер аянтынын чек араларын тактап, тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап, жерге болгон укугун тактап берүү жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Кулатов атындагы айылдык кеӊештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Топчубаев |