Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты № 11-7
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмүн жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин (АЧЖФ) ижарага берүү тартибин аныктоо жөнүндө
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө 2018-жылдын 1-январына карата бардыгы болуп 648 га айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонд (АЧЖФ) жерлери бар. Анын ичинен суулуу 278 га, кайрак 369 га, бак 37 га фонд жерлер айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык, Ак-терек, Ак-Чал, Кызыл-Булак, Баглан, Таш-Булак айылдарында жайгашкан.Ошол айыл чарба жерлерин мамлекеттик фонд (АЧЖФ) жерлерин туура пайдалануу, жерлердин мелиоративдик абалын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмүн жетекчиликке алып, аукцион өткөрүү жолу менен түз ижарага берүү (жакыр үй-бүлөлөргө, Ата-Мекендик согуштун, Ооган согушунун, Баткен коогаланынын, Чернобль согушунун катышуучуларына) , айыл өкмөтүнүн жарандарына ижарага берүү тартибин карап чыгып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонд жерлери, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмүнүн талабына ылайык ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) 1,0 га жеринин суулуу жана кайрак айдоо, көп жылдык бактардын баштапкы баасы айылдар жана участкалар боюнча соц.фонд взносторун, жер салыгынын жана ижара акысын кошуп эсептегенде төмөнкүчө бекитилсин.
Баглан, Таш-Булак айылдары боюнча.
1. Багландын астынкы бөлүмү-2300-2500 сом
2. Багландын үстүнкү таштак бөлүмү-2300 сом
3. Баглан үч бурчтук бөлүмү-3000 сом
4. Көп жылдык бак- 20 000 сом
5. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн кайрак айдоо жерлери боюнча- 500-1000 сом
6. Көп жылдык бак (тыт)- 2400 сом
Ак-Чал, Кызыл-Булак айылдары боюнча
1. Баглан саз бөлүмү- 2500 сом
2. Куммайдандын үстүнкү бөлүгү 3000 сом
3. Куммайдандын асты 2500 сом
4. Чымчык-Жар 2300 сом
5. Көп жылдык бак (тыт)- 2400 сом
Ак-Терек, Кош-Дөбө айылдары боюнча:
1. Жалгыз-Өрүк бөлүмү 2300-2500 сом
2. Арык-Тейиттин асты 1500-2500 сом
Кожо-Арык айылдары боюнча:
1. Каравандын жолу Кайрагач бөлүмү- 2000-2200 сом
2. Көп жылдык бак 20 000 сом
3. Көп жылдык бак (тыт) 2400 сом
4. Жаны-Арык бөлүмү 1500-2000 сом тарифтер боюнча алымча кошумчалар болсо айтсаныздар болот.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Топчубаев |