Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 12-1
Т. Кулатов атындагы айыл аймагынын «Абшыр-таза-суу» ИСКАКБнын 2017-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету жана 2018-жылга суу алынуучу тарифти бекитип берүү жөнүндө
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-Таза-Суу» ишканасынын жетекчисинин 2017- жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун жана 2018-жылга алынуучу салыктын тарифин угуп жана талкуулап Т. Кулатов айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-Таза-Суу» ишканасынын жетекчиси Ш. Ахмедовдун 2017-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету канаатандырарлык деп эсептелсин.
2. Т. Кулатов айылдык округу боюнча таза суу пайдалануучуларга төмөндөгүдөй наркта тариф бекитилсин.
А-ар бир адамга (жалпыга) бир айда 12 (он эки) сом 43 (кырк үч) тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.
Б-жеке түтүкчөлөрү бар үй ээлерине ар бир жанга 21 (жыйырма бир) сом 73 (жетимиш үч) тыйындан баа бекитилсин.
В-мекеме, ишкана ж.б социалдык мекемелерге м3 12 (он эки) сом 42 (кырк эки) тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин «суу-чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына» жана А.Топчубаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
А. Топчубаев |