Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 12-4
Уулу Ата Мекендик согуштун ардагери Шайбеков Орозмаматтин атын көчөгө ыйгаруу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын жалпы элдик жыйынынын 2018-жылдын 8-январындагы № 1 протоколуна негиз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шайбеков Орозмаматтын наамын Акматалиев Убайдилланин үйүнөн тартып Садыкова Сахабаттын үйүнө чейинки аралыктагы көчөнүн аталышы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шайбеков Орозмаматтын наамын коюу боюнча элдик жыйындын № 1 протоколун угуп жана талкуулап Т.Кулатов айылдык кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кожо-Арык айылынын жашоочуларынын 2018-жылдын 8-январындагы № 1 протоколу колдоого алынсын.
2. Кожо-Арык айылындагы Акматалиев Убайдилланин үйүнөн тартып Садыкова Сахабаттынүйүнө чейинки аралыктагы көчөнүн аталышы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шайбеков Орозмаматтын наамын коюуга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеёештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рустамов К. тапшырылсын.
Төрага |
А. Топчубаев |
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын тургундарынын чогулушунун
№ 1 ПРОТОКОЛУ
Кожо-Арык айылы 8-январь 2018-жыл
Чогулушка катышкандардын саны-14 киши
Чогулуштун төрагасы:- Ж.Паязов
Чогулуштун катчысы:-Садыкова Сахабат
Күн тартибиндеги маселе:
1. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шайбеков Орозмаматын наамын көчөгө коюу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча сөз Пакыров Эркинге берилди.
Урматтуу чогулуштун катышуучулары мен сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шайбеков Орозмамат атабыздын өмүр баяны менен тааныштырып кетейин. Шайбеков Орозмамат атабыз 1924-жылы 10-майда Кожо-Арык айылында туулган. Ал эми 1942-жылы 5-сентябрда мекенди коргоо үчүн немецттик фашистерге каршы согушка чакырылган.Согуш бүткөндөн кийин 1945-жылдын май айынан баштап,1947-жылдын апрель айына чейин Берлинде кошумча аскердик кызмат өтөгөн.
1947-жылдын 17-апрелинде туулуп өскөн айлына аман эсен кайтып келип, жергиликтүү колхоз, совхоздордо иштеген. 1966-жылдан «Абшыр» ачык шахтасында жумушчу, бригадир болуп иштеген.талыкпай иштеген эмгектери үчүн көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Ал эми 1979-жылы ардактуу эс алууга чыккан.Атабыздын басып өткөн өмүрүн, аткарган эрдиктерин эске алып көчөбүздүн атына койсок дейбиз.
Кийинки сөзгө чыккан Ураимова Гүлайым да айтылган сөздөрдү колдоп, Ахматалиев Убайдилланын үйүнөн баштап Садыкова Сахабаттын үйүнө чейинки көчөнүн атын Шайбеков Орозмамат аксакалдын атын коюууну сунуш кылды. Андай кийинки сөзгө чыккан Ахматалиев Убайдилла, Бакиров Самидин жогоркулардын сөздөрүн колдошту.
Жалпы элдик чогулуштун күн тартиби талкууланып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Шайбеков Орозмаматтын аты Ахматалиев Убайдилланин үйүнөн баштап, Садыкова Сахабаттын үйүнө чейинки көчөгө коюулсун.
2. Ушул көчөгө атты коюп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин депутаттарына сунушталсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл башчы Ж.Паязовго жүктөлсүн.
Чогулуштун төрагасы Ж. Паязов
Чогулуштун катчысы С. Садыкова