Редакцияот 11.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т. Кулатов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

 

2018-жылдын 11-апрели № 12-5

Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө АРИСтин «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2» долбоорунун алкагында сатылып алынуучу техниканын (погрузчик) өздүк салымына айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө АРИСтин «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2» долбоорунун алкагында сатылып алынуучу техниканын (погрузчик) өздүк салымына айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексинин» 4-бөлүмүнүн 5-главасынын 28-беренесине негиз Т. Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө АРИСтин «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 2» долбоорунун алкагында сатылып алынуучу техниканын (погрузчик) өздүк салымы үчүн 800,0 (сегиз жүз мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.  Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Төрага

 

А. Топчубаев