Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 12-8
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы эски кам кыш чыгаруучу заводдун ордуна ЖЧК «Жин-Жиген» коому жаныдан бышык кыш чыгаруучу ишканасын куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы эски кам кыш чыгаруучу заводдун ордуна ЖЧК «Жин-Жиген» коому жаныдан бышык кыш чыгаруучу ишканасын куруу үчүн 1,21 га жайыт жер аянтынан Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 беренесинин жана «жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү» Жобонун жер кодексинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесин жетекчиликке алып, Ош облустук жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын 2015-жылдын 25-март № 223 жана Түштүк аймактык топурак-агрохимялык станциясынын 2015-жылдын 21-апрель № 228 коротундуларына негиз , айылдык кенештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын протоколуна таянып, Т. Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы эски кам кыш чыгаруучу заводдун ордуна ЖЧК «Жин-Жиген» коомужаныдан бышык кыш чыгаруучу ишканасын куруу үчүн 1,21 га жайыт жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. «Жин-Жиген» ЖЧКсы менен «Өнөр жайын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясындагы жер аянтын убактылуу пайдаланууга 49 жылдык мөөнөткө (2067-жылдын 11-апрелине чейин) келишимди түзүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы эски кам кыш чыгаруучу заводдун ордуна жаныдан бышык кыш чыгаруучу ишканасын куруу үчүн 1,21 га жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеёештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Топчубаев |