Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 12-9
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу «Жин-Жиген » бөлүмүнөн көмүр кенин изилдөөгө жеке ишкер Исламовго жер аянтын берүү жана трансформатор коюу үчүн жер аянтын келишимдин негизинде убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу «Жин-Жиген» бөлүмүнөн көмүр кенин изилдөөгө Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отурумунда карап, анда каралган жайыт жерлерин жеке ишкер Исламовго геологиялык чалгындоо максатында жер пайдалануу укугуна берүүгө каршы экендигин, ал жер аянттары жайыттар мурда эле союз убагында чалгындоо жүргүзүлгөндүгүн, ошондой эле Жин-Жиген жана Кулуштан айылдарынын жайыт пайдалануучулары чалгындоо иштерине каршы экендигин билдиргендигине, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Араван жана Ноокат райондор аралык башкармалыгынын 2016-жылдын 5-октябрындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук абалын текшерүү актысы № 21-485-33, бузууларды четтетүү тууралуу жазма буйрук № 21-485-2016-ж. таянып, Т. Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу «Жин-Жиген» бөлүмүнөн көмүр кенин изилдөөгө жеке ишкер Исламовго жер аянтын берүү жана трансформатор коюу үчүн жер аянтын берүүгө макулдук берилбесин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы. айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага |
А. Топчубаев |