Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 12-10
«Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү» № 2 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу социалдык объектилерге интернет чубалгыларын тартуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү» № 2 Жарлыгына жана «Жаӊы доорго-кырк кадам» программасынын негизинде Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу социалдык обьектилерге интернет чубалгыларын тартуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүү максатында Т. Кулатов атындагы айылдык кеӊештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу социалдык обьектилерге интернет чубалгыларын тартуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1606,4 (бир миллион алты жүз алты мин төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Зулпуевге милдеттендирилсин.
3. Керектүү юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т. Кулатов атындагы айылдык кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А. Топчубаев |