Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 01-10/55
Баткен шаарынын жаңы конуштарынын инфраструктурасын көтөрүү: жол,таза суу, электр энергия, транспорт, байланыш менен камсыздалышы боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө
Баткен шаарынын аймагында 10 жаңы конуштар бар.
Атап айтканда
1. Кызыл-Жол кварталында Ак Өрүк жаңы конушу
2. Келечек кварталында Айгул Таш подстанция жаңы конушу
3. Булак Башы кварталында Кызыл Таш жаңы конушу
4. Кызыл Дөң кварталында Тамаша Жай жана Бакай Ата жаңы конуштары
5. Базар Башы кварталында Параң жана Жаман Тукум жаңы конуштары
6. Чет-Булак кварталында МСО, Түлкү Таш жана Чет Булак жаңы конуштары Бул жаңы конуштардын ичинен:
1. Кызыл Жол каврталынын Ак Өрүк жаңы конушуна Баткен щаарынын мэриясы тарабынан 2009 жылы 204 жаранга турак жай курууга жер тилкеси берилип, учурда 20% жашоочулар уй курушуп жашоодо жана жашоочуларды электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 1даана 100кВА трансформатору орнотулган жана 1 км электр линиясы тартылган.
2. Айгүл Таш подстанция жаңы конушунан 2012 жылы 600 жаранга турак жай салуу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилген, азыркы учурда 15% эл отурукташкан. Ал эми калкты таза суу менен камсыздоо үчүн Дара айыл өкмөтүнө кетүүчү таза суу линиясынан жашоочулардын муктаждыгын убактылуу чечуу максатында эки жерден таза суу түтүгүнөн суу берилген жана 1даана 100кВА трансформатору орнотулуп 22даана электр мамычасы орнотулган жолдор грейдер менен тегизделген.
3. Чет-Булак конушунда 235 кожолук жашайт электр энергиясы менен камсыз болгон (5 даана электр мамычасы кошумча берилген) таза суу менен Курманжан Датка көчөсү гана камсыздалган, Курманжан Датка көчөсүнө асфальт төшөлгөндөн баштап Огата мектебине чейин жергиликтүү шагыл төгүлүп грейдер менен тегизделген
4. Чет-Булак кварталынын МСО-2 участкасында турак жай курууга 40 участка берилген азыркы учурда 90% жашоочулар үйлөрүн куруп жашоодо, жашоочуларды электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 1даана 630кВА трансформатор орнотулган, жана 18даана электр мамычасы орнотулган. Таза суу маселесин жашоочулар өздөрү ашар жолу менен Курманжан Датка көчөсүнөн алып барышкан.
5. Чет Булак кварталынын МСО-1 участкасында турак жай курууга 50 жер тилкеси берилген учурда бардыгы үй куруп жашоодо электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 1даана 100кВА транформатору орнотулган жана 6даана темир бетон электр мамычасы орнотулуп, көчөлөргө жергиликтүү шагыл төгүлүп грейдер менен тегизделген, таза суу маселесин өздөрү ашар жолу менен алып келишкен.
6. Кызыл Дөң кварталынын Энесай участкасына турак жай курууга 250 жер тилкеси берилген азыркы учурда 85% жашоочулар үй куруп жашоодо электр энергиясы менен камсыздоо максатында 1даана 100кВА трансформатору орнотулган жана 6даана электр мамычасы орнотулган таза суу менен камсыздалган, жолдорго жергиликтүү шагыл төгүлүп грейдер менен тегизделген.
7. Кызыл-Дөң кварталынын Бакай-Ата участкасында 200 кожолука жер тилкеси бөлүнүп берилип 75 пайыз турак жай салынып элдер жашап жатат, жашоочуларды электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 1даана 100кВА трансформатору орнотулуп 6даана электр мамычасы орнотулган, таза суу менен камсыздалган.
8. Кызыл- Дөң кварталынын Тамаша-Жай участкасында 150 кожолук жашайт жолдорго жергиликтуу шагыл тогулуп грейдер менен тегизделген, таза суу жана электр энергиясы менен камсыздалган.
9. Базар- Башы кварталынын Жаман-Тукум участкасында 78 кожолук эл жашайт электр энергиясынын муктаждыгына 13даана электр мамычасы берилген, таза суу менен камсыздалган
10. Базар-Башы кварталынын Параң участкасында 120 кожолук эл жашайт таза суу менен камсыз болгон трансформатор орнотулган электр энергиясынын муктаждыгына 12даана электр мамычасы орнотулган элди ташуучу унаа каттамы жүрөт.
Калган конуштарга Баткен шаар башкармалыгы тарабынан 1997-2008 жылдар аралыгында жер тилкелери бөлүнүп берилген.
1. Жол.
Баткен шаарынын жаңы конуштарындагы жарандарыбызга шарт түзүү максатында жол каттамдарын оңдоп түзөө үчүн 2017 жылга каралган иш чаралардын эсебинен төмөнкү көчөлөргө 599500 сомдук же болбосо 461 рейс (ХОВА) шагыл төшөө иштери жүргүзүлдү.
Чет- Булак участкасына 138 рейс
Каралаев көчөсүнө 12 рейс
МСО жана Огата 15 рейс
Кызыл- Жол 73 рейс
Тамаша- Жай 53 рейс
Бакай- Ата 16 рейс
Мал Базардын көчөсү 5 рейс
Н.Дыйканов көчөсү 2 рейс
Эркиндик көчөсү 6 рейс
Ак -Өтөк участкасы 41 рейс
Булак- Башы 82 рейс
Базар -Башы 18 рейс
Жалпсы 461 рейс
2. Таза суу боюнча:
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын күн чыгыш тарабында жайгашкан Айгул-Таш жаңы конушун таза суу менен камсыздоо үчүн жаңы конуштан өткөн Баткен районунун Жаңы- Жер айылына тартылган таза суу түтүгүнөн эки жерден таза суу түтүгү берилген.
Ошондой эле Баткен районунун Кызыл-Бел жана Кара-Бак айылдарына тартылган таза суу түтүктөрүнөн Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын Жаман -Тукум участкасына эки жерден жана ушул эле кварталда жайгашкан Параң жаңы конушуна таза суу түтүктөрү орнотулду.
Ал эми оңдоп түзөө иштери бонча 2017 жылдын 1 жарым жылдыгына карата 80 жерден жарылган суу түтүктөрүн жамоо жана 60 жерде линияларды тазалоо, ширетүү, вентиль коюу иштери жүргүзүлгөн.
3. Баткен шаарынын жашоочуларын электр энергия менен камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 519.0 мин сомдук 2 даана трансформатор сатып алынып, 360.0 мин сомдук ТМ-630кВА кубаттуулуктагы трансформатор Чет Булак кварталынын МСО участкасына орнотулган жана 159.0 мин сомдук ТМ-100 кВА кубаттуулуктагы трансформатор Бакай Ата 2 участкасына Шүкүров көчөсүнө орнотулган.
Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 1180800 сомдук 4 даана трансформатор алынып КТП-03 «Дөгмөн» 450кВА, КТП-33 «ПМК» 450кВА, КТП-03 «ДЭУ» 450кВА, КТП-03 «Школьная» 450кВА комплект жабдуулары менен Баткен райондук электр тармактагы менен биргеликте орнотулган.
Электр энергиясынын жабдыктары менен камсыздоо үчүн 842.0 миң сомдук 100 даана электр мамылары сатылып алынган жана шаардын аймагындагы жаңы конуштарга муктаж болгон электр линиялары тартылуучу төмөндөгү участка жана көчөлөргө орнотулган.
КТП-854 «Урмат» (МСО) 18 даана
МСО участкасына 6 даана
Жаман -Тукум участкасына 13 даана
«Очистной» 3 даана
БатМУ 9 даана
Эне- Сай участкасына 6 даана
Параң участкасына 12 даана
4. Транспорт каттамдары боюнча Баткен шаарынын Булак- Башы, Чет- Булак, Кызыл -Жол, Кызыл -Дөн (Тамаша- Жай) кварталдарына маршуруттук каттам жүрөт.
5. Баткен шаарынын жаңы конуштары «Мегаком», «Билайн», «О» ж.б. мобилдик байланыштар менен камсыз болушкан. Аталган мобилдик байланыштардын антеналарын орнотуу үчүн муниципалдык менчик департаменти аркылуу жана шаар ичинде, шаар сыртында шарттар каралып берилип жатат. 2016-жылда шаардын инфраструктурасы үчүн шаардык бюджеттин жалпы суммасынын 29,5% каражатыт каралган болсо, 2018-жылдын бюджеттинин 34,7% инфраструктура үчүн каралган.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын жаңы конуштарынын инфраструктурасын көтөрүүдө: жол, таза суу, электр энергия, транспорт, байланыш менен камсыздалышы боюнча көрүлүп жаткан чаралар канаатандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Шаардын жаңы конуштарынын инфраструктурасын көтөрүү максатында жыл сайын бекитилип жаткан иш чаралардын аткарылышы боюнча жылдык жыйынтыктар шаар калкына массалык маалымат каражаттары аркылуу жеткирилүү менен талкууланып турулсун.
3. Шаардын жаңы конуштарынын инфраструктурасы үчүн инвестициялоо иштери үзгүлтүксүз такай жүргүзүлүп турулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |