Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 01-10/56
Баткен шаарынын мэринин 2017-жыл үчүн аткарган иштеринин отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу» жөнүндө №101 Мыйзамынын 44-берененин 8-пунукутуна жана Баткен шаарынын 2017-жыл ичинде инфраструктурасынын-социалдык экономикалык жактан өсүшү жөнүндөгү бекитилген иш чараларга ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаарынын 2017-жылдын 10 айына карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү, шаар мэринин отчету кабыл алынсын. (тиркелет)
2. Шаарды өнүктүрүү максатында 2017-жылдын 10 айында аткарылган иштер боюнча маалымат шаар калкына шаардык «Өрүк зар» коомдук саясый газетасы аркылуу жарыялансын.
Төрага | А. Ташбеков |
Баткен шаарынын 2017-жылдын январь-октябрь айына карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө
МААЛЫМАТ
Баткен шаарынын экономика тармагында 2017-жылдын январь-октябрь айына карата бир катар уюштуруучулук жана практикалык иштер аткарылып, айрым тармактарда урунттуу өсүүлөр байкалып, кээ бир тармактарда стабилдүүлүк сакталды.
- Өнөр жай 545697,1 миң. сомго, физикалык көлөмү 109,1 %га
- электр энергиясыз 45661,5 миң. сомго, физикалык көлөмү 101,4%га аткарылган.
Шаарыбыздын өнөр жай тармагында бул көрсөткүчтөрдү жаратууда шаарыбызда жалпы 69 кичи жана ПДН ишканалары бар. Алар,
Электр тармактар ишканасы; (Ошэлектро) -1
Муниципалдык ишканалар -2
Бай-Түшүм кооперативи -1
Калктын жеке ишкердүүлүгү боюнча (ПДН) -62
Бардыгы -65
Калктын жеке ишкердүүлүгү ПДН ишканалар
№ | Ишкананын аталышы | саны |
1 | ТБЖ (ЖБИ) кичи заводу | 1 |
2 | Пескоблок, брусчатка чыгаруучу цехтер | 7 |
3 | темир-бетон тирөөч | 1 |
4 | еврозабор чыгаруучу цехтер | 3 |
5 | Таш майдалоочу цех | 1 |
6 | Кийим тигүү цехтери | 6 |
7 | Желим эшик-терезе жосаачу цехтер | 4 |
8 | Мебель жасоочу цехтер | 5 |
9 | Навайканалар | 20 |
10 | Жыгач эшик-терезе жасоочу цехтер | 7 |
11 | Темир шифер жасоочу цех | 1 |
12 | Темир сымтор жасоочу цех | 1 |
13 | Кондитердик цехтер | 5 |
14 | Пилорамалар | 3 |
| Бардыгы | 65 |
- Айыл чарбасы – 539214,1 млн сомго, өсүү темпи 100.2%ды,
- Тейлөө рыногу – 1215161,9 миң сомго, өсүү темпи 106,7%ды,
- Чекене соода жүгүртүү – 907039,9 миң сомго, өсүү темпи 108,5 %ды,
- Кызмат көрсөтүү – 308122,0 миң сомго, өсүү темпи 103,3 %ды,
- Капиталдык курулуш – 148171,8 миң сомго,
- Жаңы жумуш орун түзүү – 291 салыштырмалуу 131,7%ды түздү.
ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ
Жалпы ички тышкы инвестициянын көлөмү 393635,9 миң сомду түзгөн. А.и.
- Тышкы инв.–234229,1 миң сом (ЕБРР-2,3 млн. Мерсико-0,14 млн. Бүтк. Дүй. Банк 228,1 млн сом)
- Ички инв. – 41320,0 миң сом. (Жеке ишкердик курулуштар)
- Жергиликтүү бюджет – 18766.4 миң сом.
- Республикалык бюджет – 97120,5 миң сом.
САЛЫК ТОПТОО
Мамлекеттик салык жана төлөмдөрдүн 2017-жылдын январь-октябрь айына карата жеткирилген планы 71056,9 миң сомго аткарылып, 97,0%ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 2230,8миң сомго аз чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 88.3%ды түзүп, 1021.3 миң сомго аз аткарылган. Анын ичинен:
- республикалык бюджет 26374.7 миң. сомго аткарылып, өсүү темпи 91.9 %га же планга салыштырмалуу 2327.8 миң сомго аз чогултулган. Мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 1345.2 миң. сомго аз аткарылып, 69.2 %ды түздү.
- жергиликтүү бюджет 38153.1 миң. сомго аткарылып, өсүү темпи 100.1 %га же планга салыштырмалуу 48.7 миң сомго көп чогултулган. Мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 323.9 миң. сомго көп аткарылып, 107.4 %ды түздү.
ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТ
(шаардык каржы бөлүмү боюнча)
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 2017-жылдын 9 айына карата бекитилген план боюнча 55566.8 миң сом болсо, Анын ичинен:
а). Жергиликтүү бюджеттен – 50714.4 миң
б). Республикалык бюджеттен – 4852.4 миң
- Баткен шаарынын статис кызматкери үчүн – 171.7 миң;
- Электр энергияга жеңилдиктер – 3938.2 миң;
- Кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү – 315.9 миң;
- Сатуудан түшкөн салыктын жоготууларынын ордун толуктоого түшкөн каражат – 426.6 миң.
Ал эми жергиликтүү бюджеттин аткарылышы 51301.0 миң сомду түзүп 92.3% аткарылган.
Баткен шаары боюнча «Өлкөнү Өнүктүрүү Стратегиясы» Программасы алкагында 2017-жылга кабыл алынган иш чаралар жөнүндө маалымат
Баткен шаары боюнча 2017-жылга 57 иш чара кабыл алынган болсо, анын ичинен 11 айга карата карата 40 иш чара аткарылып, 71.0 %ды түзгөн.
Кабыл алынган иш чараларга план боюнча 551.4 млн сом каралган болсо, анын аткарылышы 393,3 млн сомду түзгөн: а.и.
- Республикалык бюджеттин эсебинен - 97,1 млн сом;
- Жергиликтүү бюджеттин эсебинен - 18.5 млн сом;
- Жеке секторлордун эсебинен - 41,3 млн сом;
- Тышкы инвестициялар эсебинен - 236,4 млн сом;
Ошондой эле аткарылган иш чараларды тармактар боюнча айтсак:
КУРУЛУШ
Шаарыбыздын Н.Исанов көчөсүндөгү өрткө каршы күрөшүү кызматынын жаңы имаратынын негизги курулушу бүткөрүлүп, учурда пайдаланууга берилди. Курулуш 2015-жылы башталган. Долбоор боюнча 2 кабаттуу, 140 орундуу, жалпы суммасы 57.0 млн сом. Имараттын негизги корпусунун курулуш иштери бүткөн. Кампанын имараты, резервуар орнотуу жана кошумча курулуш иштери уюштурулуп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 27,4 млн сом каржыланган.
Баткен шаарынын Султанмурат - Миңбашы көчөсүндөгү поликлиниканын курулушу жүрүп жатат. Долбоор боюнча 2 кабаттуу, эки корпустуу, 140 орундуу, жалпы суммасы 136 926.3 млн сомдук курулуш. Учурда имараттын 2-кабатынын дубалы бүтүп, үстү жабылган. Бүгүнкү күндө жасалгалоо иштери жүрүп жатат. 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгына карата жалпы каржылоо суммасы 83356.9 миң сомду түзгөн. Анын ичинен 2017-жылга бөлүнгөнү 32376.6 миң сомду түзгөн.
Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү ветлабороториянын курулушу жүрүп жатат. Курулуштун сметалык баасы 27483,9 миң соду түзөт. Учурда имараттын курулуштун негизги бөлүгү бүтүп, үстү жабылган. Бүгүнкү күндө жасалгалоо иштери жүрүп жатат. 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгына карата жалпы каржылоо суммасы 23118,9 миң сомду түзгөн.
ӨНӨР ЖАЙ
Өнөр жай тармагында калктын жеке ишкердүүлүгүн колдоо максатта жеке секторлор тарабынан 6 иш чара жана муниципалдык менчиктин эсебинде 1 иш чара жалпы 6 иш чара кабыл алынып, анын жалпы суммасы 29100.0 миң сомду түзгөн. Анын ичинен 4 иш чаранын курулуш бүткөн. 9 айга карата жеке ишкерлер тарабынан 15000.0 миң сом каржыланган. Аткарылган иш чаралар жөнүндө алсак:
- Баткен шаарынын С.Сыдыков көчөсүндө жеке ишкер А.Исаков тарабынан 2300.0 миң сомдук кондитердик цех курулуп ишке киргизилди.
- Ошол эле С.Сыдыков көчөсүндө жеке ишкер А.Өсөров тарабынан 900.0 миң сомдук пескоблок жасоочу цехи ишке киргизилди.
- Т.Садыков көчөсүндө жеке ишкер А.Латипов тарабынан 600.0 миң сомдук еврозабор жасоочу цех курулуп ишке киргизилди.
- Чет-Булак участкасына жеке ишкер А.Ибраимов тарабынан кичи темир-бетон заводун куруу иштери уюштурулуп жатат. Бүгүнкү күндө 7500.0 миң сомдук тетиктери сатылып алынган. Курулуш бүткөндөн кийин төмөнкү курулуш темир-бетон материалдарын жасоого мүмкүндүк жаралат.
Жөөжол таштары (брусчатка) күнүнө 100 м2, Темир-куйматаш бастырмалары ПК күнүнө 7 даана, ЖБ электр мамылары (столба 9.5-11 метрдик күнүнө 10 даана), Агынды суулар үчүн ноолор (лоток) ЛР-40, ЛР-60 күнүнө 10 даана, Темир-куйматаш тирөөчтөр (2.5 мертрдик 25 даана), Кудук тегерекчелери (кольца) күнүнө 5 даана (1000- d, узундугу 1метр)
Чет-Булак кварталында жеке ишкер А.Өсөров тарабынан 2500.0 миң сомдук пескоблок жасоочу цех курулуп ишке киргизилди.
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жалпы суммасы 1900.0 миң сомдук 4 иш чара кабыл алынып, анын ичинен 600.0 миң сомдук 2 иш чара аткарылган. Аткарылган иш чаралар жөнүндө алсак,
- Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кв. Тамаша-Жай участкасында 1044 м. ачык типтеги дрен республикалык бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 0.5 млн сом бөлүнүп тазаланды. (ӨКМ лигинин бюджети менен каралган)
- Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 104.0 миң сом бөлүнүп, Баткен шаарынын Тамаша-Жай участкасында Базар-Башы кварталындагы мазарларды жер астындагы суулардан сактоо үчүн ачык дрендерди тазалоо, жолдорун тегиздөө иштери жүргүзүлдү.
ТАЗА СУУ
- Баткен шаарындагы таза суу түтүкчөлөрү жана канализацияларды реаблитациялоо боюнча ЕБРР уюму тарабынан жалпы суммасы 5.02 млн евролук долбоорлор жактырылган. Бул каражаттын 2.5 млн евро грант, ал эми 1.5 млн евро 15 жылдык мөөнөткө кредит катары, ал эми 1.02 млн евро консултациялык кызматтар үчүн берилмекчи.
Долбоордун шарттарына ылайык 2017-жыл ичинде эки чет өлкөлүк компаниялар консултациалык, усулдук жана топографиялык кызматтарын жүргүзүп жатат.
Бүгүнкү күндө Баткен шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн долборду ишке ашыруу тобу консултациялык компаниянын эл аралык эксперттери жана ЕБРРдин окулдору менен 5 жолу жолугушууларды өткөрүшкөн. Анын негизинде:
“Aim Texas” компаниясынын аткарган жумуштары:
- Долбоор боюнча тандалган участкаларда топографиялык жумуштар толук аткарылды. (Чет-Булак, Сары-Таш, канализация системасы приоритеттүү зона катары тандалып алынды)
- Таза суу ишканасынын лабороториясы менен кошо жаңыдан курула тураган имаратынын долбоордук сметалык документтери бүтүп, тендерге берүүгө даярдалды.
- Чет-Булак, Сары-Таш приоритеттүү зоналар үчүн долбоорлору даярдалууда.
- Баткен таза суу ишканасына техника жана механизмдерди сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Бирок заявка 1 гана лотко түшкөндүктөн, кайрадан тендер өткөрүү жана процедурасын өзгөртүү боюнча ЕБРРге сунуш жөнөтүлдү. Ошондой эле 1-2-3-кварталдык отчеттор даярдалды.
“Гидроплан” компаниясынын аткарган жумуштары:
- Долбоордун жүрүшүндө ар кандай пикир келишпестиктердин алдын алуу жана тоскоолдуктарды жаратпоо максатта калкка түшүндүрүү иштери бир кварталдардын учаткаларында жүргүзүлдү. Калк арасынан жигердүү жарандар тартылып, комиссиянын курамдары түзүлдү.
- Таза суу ишканасынын финансылык системасын эл аралык стандартка өткөрүү, 1С системасын орнотуу, ишкананын башкаруу системасын өзгөртүү боюняа сунуштар даярдалган.
- Учурда корпоротивдик өнүктүрүү, социалдык жактан коргоо, КВП ларды түзүү жана маалымат компанияларын түзүү иштери жүрүп жатат. (плакат, буклеттер даярдалды)
- Таза суу ишканасынын 2015-2016-жылдары боюнча аудит өткөрүлгөн.
"Aim Texas" компаниясы үчүн 40,0 миң евро, "Гидроплан" компаниясы үчүн 36,0 миң евро которулуп берилген.
БИЛИМ БЕРҮҮ
Билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жалпы 5 иш чарага 2300.0 миң сом каралып, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 2160.0 миң сом, МЕРСИКО уюму тарабынан 140.0 миң сом бөлүнгөн. Иш чаралар толугу менен аткарылган.
- Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 200.0 миң сом Ж.Боконбаев мектебинин ашканасынын сантехникасын, саркынды суулар тутугун жана септигин куруу иштери бүткөрүлдү.
- В.И.Ленин орто мектебинин 1-кабатына желим терезелерди сатып алуу жана ремонт иштери үчүн МЕРСИКО уюму тарабынан 140.0 миң, жергиликтүү бюджеттен 275.6 миң сом каралып, учурда жумуштар бүткөрүлгөн.
- Булак-Башы жана Кызыл-Жол мектептерине ажаткана куруу долбоору үчүн жергиликтүү бюджеттен 910.4 миң сом каралып, бүткөрүлдү.
- Кызыл-Жол жана С.Айтматов мектептеринин ашканасын ремонттоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 600.0 миң сом каралып, бүткөрүлдү.
- Кызыл-Жол кварталына 140 орундуу №1 балдар бакчасын куруу иштери убактылуу токтоп турат. (тендердик баасы 43,1 млн сом). 2016-жыл жыйынтыгына карата каржыланышы 7.2 млн сомду түзгөн. Курулуш 2015-жылдын 4-кварталында башталган. Аткаруучу тарап болуп (подрядчик) “Эрмек-Юг ЛТД” ЖЧК эсептелет. Быйылкы жылга каржылоо болгон жок.
КАЛКТЫ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ
- Шаар калкын электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы 2285.9 миң сомдук 3 иш чара кабыл алынып, толугу менен аткарылган. Алсак,
- Шаардын электр жабдууларына муктаж болгон 12 көчөгө 100 даана электр мамылары сатып алып таркатылды. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 842.0 миң сом бөлүнгөн.
- Шаардын жаны конуштарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1180.8 миң сомдук 4 даана 400 кВа трансформатор сатып алынды.
- Электр жабдыктарын сатып алуу, шаар ичиндеги Ж/Б опороларды ыңгайлуу жана коопсуз жайларга жылдыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 263.2 миң сом бөлүнүп, жумуштар аткарылган.
ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ
- Дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүү боюнча жалпы 8971.0 миң сомдук 2 иш чара кабыл алынган. Анын ичинен республикалык бюджеттен 5850.0 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 3121.0 миң сом каралган. Алсак:
- Шаардын Кызыл-Жол кварталында спорт залдын курулушу жүрүп жатат. Курулуш 2014- жылы марафон аркылуу элден 2000.0 миң сом жыйналып ашар ыкмасы менен башталган. 2015-жылы респ. бюдж. 3000.0 миң сом, жерг.бюдж. 150.0 миң сом бөлүнүп берилген. 2017-жылга жергиликтүү бюджеттен 921.0 миң сом бөлүнүп берилди. Бүгүнкү күндө курулуштун негизги бөлүгү бүткөрүлүп пайдаланууга берилди.
-№3 мектепке Футбол Ассоциациясы тарабынан кичи футбол аянтчасы курулуп пайдаланууга берилди. (жалпы суммасы 2 млн 200 жүз миң сом)
АЙЫЛ ЧАРБА
Айыл чарба тармагында жалпы суммасы 12630.0 миң сомдук 6 иш чара кабыл алынып, анын ичинен 10 002.0 миң сомдук 3 иш чара аткарылган.
- Алсак, -Баткен шаарынын А.Нуриев көчөсүнө "Биофабрика" имаратын куруу долбоору бүтүп, пайдаланууга берүү алдында турат. Имараттын курулуш иштери 2016-жылдын 3-кварталында башталган. Жалпы сметалык баасы 14 000.0 миң сомду түзөт. (Акча каражатынын 4500.0 миң сому 2016-жылы бөлүнгөн, калган 9500.0 миң сому 2017-жылы бөлүнгөн)
- АРИС уюмунун колдоосу менен Баткен шаардык жайыт комитетинин базасына погрузчик трактор сатып алуу долбоорун ишке ашыруу аракети көрүлүп жатат. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 700.0 миң сом бекитилип берилген. Ал эми АРИС уюму тарабынан 1600.0 миң сом берилмекчи. Жалпы суммасы 2300.0 миң сомду түзөт.
- Келечек кварталында жеке ишкер А.Исаковго таандык 200.0 миң сомдук 0.04 га жер аянтына жашылча өстүрүүчү күнөскананын курулушу бүткөрүлгөн.
- Чет-Булак кварталында жеке ишкер Т.Мырзамамытовго таандык жалпы суммасы 300.0 миң сомдук 0,05 га жашылча өстүрүүчү күнөскананын курулушу бүткөрүлгөн;
ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ КУРУУ
Транспорт жана жол куруу тармагы боюнча 9 иш чара кабыл алынып, жалпы суммасы 274,2 млн сом болсо, анын ичинен 4 иш чарага каржылоо болуп 262,2 млн сомду түзгөн. Алар,
- Баткен - Төрт-Гүл 14 км автожолун капиталдык ремонттоо: Бул иш чара 2015-жылы башталган. Долбоор боюнча жалпы суммасы 368,22 млн сомду түзөт. Жолдун узундугу 14.3 км, асфалттын эни 10 мм. Учурда жерди тегиздөө иштери жана суу өткөрүүчү түтүктөр курулуп жатат. Аткарылган жумуштун көлөмү 32.4% түзгөн. 2017-жылдын 9 айына карата 191061.3 миң сом бөлүнгөн.
- Баткен - КПП "Кызыл-Бел" 6 км автожолун капиталдык ремонттоо: Бул иш чара дагы 2015-жылы башталган. Долбоор боюнча жалпы суммасы 114,0 млн сомду түзөт. Жолдун узундугу 6,1 км, (2 км. Баткен шаарынын аймагында) асфалттын эни 10 мм. Учурда асфальтобетон катмарынын биринчи катмары төшөлгөн. Аткарылган жумуштун көлөмү 57,9% түзгөн. 2017-жылдын 9 айына карата 37030,0 миң сом бөлүнгөн. (Долбоордун жалпы каржыланышы 111107,7 миң сом)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө №230 токтомуна ылайык Баткен шаары боюнча жалпы суммасы 14115.2 миң сомдук 3 долбоор жактырылган. Анын ичинен 7140.0 миң сому гранттык негизде, 6975.2 миң сому жергилктүү бюджеттин эсебинен каралган. Алар,
- Баткен шаарынын И.Жусупов көчөсүнө сугат ноолорун (лоток) орнотуу жана тротуар куруу.
- Баткен шаарынын К.Турмаматов көчөсүнө сугат ноолорун (лоток) орнотуу жана тротуар куруу.
- Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүнө түнкү жарыктандыруу каражаттарын куруу.
- Шаардын жаңы конуштардын көчөлөрүнө жана ички жолдорго шагыл төгүү иштери аткарылган. Ал үчүн жергиликтүү бюджетен 600.0 миң сом бөлүнгөн.
- Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүндө асфальт жамоо иштери аткарылган. Ал үчүн жергиликтүү бюджетен 272.4 миң сом бөлүнгөн.
- Тазалык ишканасына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 450.0 миң сомго “Портер” үлгүсүндөгү автоунаасы сатылып алынган.
Учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 200.0 миң сом каралып шаардын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жанынан өтүүчү жана борбордук көчөлөрдүн кесилиштерине (13 көчөлөрдүн кесилишинде) жөө жүргүнчүлөр өтүүчү белгилерди сызуу жумуштары жүрүп жатат.
Баткен шаарынын I вице-мэри М. Султанов