Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 01-10/57
Шаардын жергиликтүү бюджетинин 9 айлыгынын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу» жөнүндө №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутунун 2-пункутчасына жана Баткен шаардык Кенешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаардык жергиликтүү бюджеттин 9 айлыгына план 55568,800 мин сомго бекитилип, 51002,3 миң сомго же болбосо 91,8 % аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Шаардык жергиликтүү бюджеттин 4 кварталында кээ бир төмөнкү мекеме ишканалардын эсептелген бюджетине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
1) Муниципалдык менчик департаментинин 2017-жылга бекитилген атайын каражаттар статьясынын IV-кварталынын 2215 «башка кызматтарды тейлөөлөрдү сатып алуу статьясынан 240000 сомго кыскартылып, 3112 «унаа жана тейлөөлөрдү сатып алуу» статьясынын IV-кварталына 240000 сомго (мусор урна жана жабдыктар; Төрт-Гүл суу сактагычына кийим кийүүчү жана чечинүүчү жай курууга) көбөйтүлүп берилсин.
2) Шаардык Кеңештин 2017-жылдын IV-кварталына бекитилген 2211 «Сапар чыгымдары» статьясынан 20000 сом, 2212 «Байланыш кызматы» статьясынан 50000 сом кыскартылып, IV-кварталдын 2111 «Эмгек акы» статьясына 60000 сом, 2121 «Социалдык төлөмдөр» статьясына 10000 сом кошулуп берилсин.
3) Шаар мэриясынын 2017-жылдын IV-кварталына бекитилген 2225 «Күзөт кызматы» статьясынан 120000 сом кыскартылып, IV-кварталдын 2211 «кызматтык кыдырууларга чыгашалар» статьясына 120000 сом кошулуп берилсин.
4) Шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2017-жылга каралган сметасынын 2215 «Ар түрдүү чыгымдар» статьясына 257,0 мин сом, 3111 «имараттар жана курулмалар» статьясына 1957,0 мин сом, 3112 «машина жана жабдуулар» статьясына 80,0 мин сом бары болуп 2294,0 мин сом кыскартылсын;
5) Баткен шаарынын ички иштер бөлүмүнүн 2017-жылга каралган 2221 «Учурдагы ремонт иштери» статьясы 60,0 мин сомго кыскартылсын;
6) Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2017-жылга каралган сметасынын 2215 «Ар түрдүү чыгымдар» статьясына 550,0 мин сом, 3111 «имарттар жана курулмалар» статьясына 480,0 мин сом3112 «машина жана жабдуулар» статьясы 1124,0 мин сом бары болуп 2154.0 мин сомго көбөйтүлсүн.
7) Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы жайыт комитетинин 2017-жылга каралган сметасынын 2215 «Ар түрдүү чыгымдар» статьясы 200,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
8) Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу балдар бакчаларынын 2017-жылдын IV-кварталынан бюджеттик каражаттарынын эсебинен 2215 «Ар түрдүү кызматтар» статьясынан 25,0 мин сом кыскартылып, 2231 «коммуналдык кызматтар статьясына 20,0 мин сом;
Балдар бакчасынын атайын каражаттар эсебинен 2215 «ар кандай кызматтар статьясынан» 15,0 мин сом кыскартылып, 2217 «дары дармек» статьясына 15,0 мин сом кошулуп берилсин.
- шаардык билим берүү бөлүмүнүн аппаратынын 2215 «ар кандай кызматтар» статьясынан 40,0 мин сом кыскартылып, 2211 «сапар чыгымдар» 20,0 мин сом кыскартылсын.
- шаардык билим берүү бөлүмүмунүн аппаратынын 2212 байлындаш кызматын статьясына 2,0 мин сом кошулуп берилсин.
- билим берүү бөлүмүнүн эсепканасына 2212 «Сапар чыгымдары» статьясына 23,0 мин сом кошулуп берилсин.
- билим берүү бөлүмүнүн орто мектептеринин 2231 «коммуналдык чыгымдар» статьясына 40,0 мин сом кошулуп берилсин.
- Шаардык аскер комиссариатынын 2017-жылдын IV кварталы үчүн 2224 «көмүр сатып алуу» статьясы 40,0 мин сомго кыскартылып, IV кварталдын 2231 «Коммуналдык чыгымдар» статьясы 40,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /З.Ахмедова/ тапшырылсын
Төрага | А. Ташбеков |