Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 01-10/58
Шаар аймагындагы малдардын дарттарга каршы жүргүзүлүүчү эмдөөлөрүнүн жүрүшүнүн жана мал союулучу жайлардын абалы жөнүндө
Баткен шаарында 2017-жылга 4016 баш ири мүйүздүү малдар, анын ичинен 2041 баш уйлар,12710 баш кой,эчки, 65 баш аттар,12982 тооктор катталган.
Баткен шаарынын мэринин 2017-жылдын 13-апрелиндеги №03-25/58 Баткен шаарынын аймагындагы чарба малдарын жайыттарга чыгарууну уюштуруу жана алардын жугуштуу оорууларынын алдын алуу жөнүндөгү буйругуна ылайык, атайын штаб түзүлгөн. шаардык штабдын биринчи отурумунда, жайыт комитети, квартал башчылары. шаарды тейлеген ветеринардык врачтар. Кык, Дөгмөн жана башка жайлоолорго чыгуучу чабандар менен кенири сүйлөшүүлөр болуп, анда малдарды жайлоого чыгаруудан мурда. түзүлгөн иш планга ылайык качандан баштап жайлоолорго чыгуу, алдын ала малдарды ар кандай ооруларга каршы эмдөө, ветеринардык посторду уюштуруу иштери айтылып, айрыкча ветеринардык эмдөөдөн өтпөгөн малдарды жайытка чыгарбоо тапшырмалары берилген.
Жогорудагы иш чарага ылайык жайытка чыгуучу ар бир чабан малдарды ветеринардык эмдөөдөн өткөрүп, жайыт акыларын жайыт комитетинин атайын эсебине акчаларын төккөндөн кийин уруксат берилген, андан тышкары Баткен райондук мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык башкармасынын башкы адиси М.Мусаевдин (шаарды тейлеген) жоопкерчилигинин астында 1600 баш ири мүйүздүү малдар жана 5700 баш койэчкилер эмдөөдөн өткөрүлүп жайлоолорго уруксат берилген. Жайытка чыгарылган малдарды ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында Баткен шаарын мэриясы тарабынан шаар аймагына тейлеген ветеринардык врачка / М. Мусаев/ жайлоолордогу малдарды кароодон өткөрүп туру боюнча тапшырмалар берилген.
Баткен шары тейлеген 5 ветеринардык жеке врачтар тарабынан жайытка чыкпаган шаардын аймагында калган малдарды эмдөө иштери менен катар. жугуштуу ооруларды таркаткан карышкырларды. чөө бөрүлөрдү. түлкүлөрдү жана жолбун иттерди аттыруу жөнүндөгү шаардын мэринин 2017-жылдын 27-февралындагы №03-25/30 буйругуна ылайык, 4 баш карышкыр жана 200 баш жолбун ит атып жок кылынган.
Баткен шаарын тейлеген жогоруда аталган беш жеке ветеринардык врачтарга малдарды дарылоо менен кошо «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында Баткен шаарынын мэринин 2016-жылдын 15-сентябрындагы №03-25/125 буйругуна жана Баткен райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын 2017-жылдын 22-февралындагы №8 буйругуна ылайык, 2017-жылдын апрель айында ири мүйүздүү малдарды жайкы идентификациялоо иштери башталып, 3014 даана бирка алынган, анын 2 даанасы жараксыз болуп, калган 3012 даана бирка малдардын кулагына тагылган. Банка 113808 сом төгүлгөн.
Ал эми күзгү идентификациялоо боюнча 1300 даана бирка келген, бүгүнкү күнгө 572 баш кара малдарга бирка тагылды, ушул жылдын акырына чейин 1300 даана бирка толугу менен малдарга тагылып бүтөт.
2017-жылдын 11 айында Баткен райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгын адистери шаардык мэриянын тиешелүү адистери менен шаардагы эки мал союучу жайларга текшерүү өткөрүлүп, анын негизинде эрежени сактабаган мал союучу жайлардын ээлерине эскертүү берилген.
2017-жылга эпизоотикалык абалга каршы түзүлгөн планга ылайык, малдардын ар кандай ооруларына каршы I – кварталда 70 баш жылкыга,205 баш ири мүйүздүү малдарга, 60 баш кой эчкиге, 120 тоокторго,12 баш иттерге текшерүү жүргүзүлгөн.
II- кварталда 45 баш жылкыга,235 баш ири мүйүздүү малдарга, 50 баш кой эчкиге, 110 тоокторго,33 баш иттерге текшерүү жүргүзүлгөн
III- кварталда 45 баш жылкыга,130 баш ири мүйүздүү малдарга, 100 баш кой эчкиге, 120 тоокторго,13 баш иттерге текшерүү жүргүзүлгөн
IV-кварталда 10 баш жылкыга,198 баш ири мүйүздүү малдарга, 70 баш кой эчкиге, 120 тоокторго,22 баш иттерге текшерүү жүргүзүлгөн
Жалпы 170 баш жылкыга,768 баш ири мүйүздүү малдарга, 280 баш кой эчкиге, 470 тоокторго, 80 баш иттерге текшерүү жүргүзүлгөн.
2017-жылда шаар боюнча бир дагын өтө коркунучтуу делген малдардын оорулары катталган эмес.
Ири мүйүздүү малдар
1. Яшур оорусуна каршы -5367 баш
2. Карасанга каршы эмдөө -2502 баш
3. Бруцеллозго 2788 баш малдын канны текшерилген
4. Туберкулез аллергиялык изилдөө -783 баш
5. Капрологиялык текшерүү -172 баш.
Жылкылар
1. ценсерологиялык текшерүү-29 баш
2. Бруцеллоз серологиялык текшерүү-29 баш
3. Капрологиялык текшерүү -88 баш
Койлор, эчкилер
1.Оспага (күл) каршы эмдөө-10002 баш
2.Бруцеллоз РЕВ-1- 5287 баш
3.Чумага каршы -18266 баш
4.Бруцеллозго канын текшерүү – 105 баш
5.Эпидемитке каршы канды текшерүү-105 баш
6.Капрологиялык текшерүү-162 баш.
Тооктор
1. Чумага каршы «Н»-3342 баш
2. капрологиялык текшерүү-61 баш
3. Туберкулин аллергиялык текшерүү-580 баш
Иттер
1. Кутурмага каршы эмдөө-606 баш
2. Цетодоз (таблетка)-2118 баш
3. Капрологиялык текшерүү-94 баш
4. Кан текшерүү -17 баш
2017-жылдын 11 айында шаар боюнча 200 баш ит атылып, жок кылынган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан бекер берилүүчү
Оспага каршы вакцина
1. Чумага каршы вакцина
2. Бруцеллез РЕВ-1
3. Яшурга каршы
4. Туберкулинге каршы
5. Кутурмага каршы
6. Озинокс (таблетка)
7. Дезинфекция каражаттары
Дары дармектер жетиштүү камсыз болду.
Мал союучу жайлар боюнча:
Баткен шаарында эки мал союучу жеке менчик жай иштеп жатат. Алар:
1.Эргешов Манаска тиешелүү мал союучу жайдын жалпы аянты-6467.5 м2, цехтин аянты- 492.55 м2, кубаттуулугу бир күндө 1-2 ири мүйүздүү мал, 4-5 кой.эчки ветеринардык санитардык талаптарга толук жооп бербейт, себеби канализацияга уланган эмес.
2. Мадумаров Нурболтко тиешелүү мал союучу жайдын жалпы аянты-2000.0 м2, цехтин аянты-225.0 м2, кубаттуулугу бир күндө 5-6 ирий мүйүздүү мал, 7-8 кой ,эчки ветеринардык санитардык талаптарга толук жооп бербейт, себеби канализацияга уланган эмес.
Санитардык абалы толук түрдө талапка жоо бербейт.
Жогорудгылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаарынын аймагындагы малдардын бардык түрүндө, дарттарга каршы жүргүзүлүүчү эмдөөлөрүнүн жүрүшү ветеринардык талапка ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Шаар аймагында малдардын түрүнө карабастан бардык оорулардын алдын алуу жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
- малдарды жайттарга чыгаруунун алдында;
- жайттардан кайткандан кийин короо сарайларга кайткан мезгилде текшерүүдөн өткөрүү жагы мал ээлерине эскертилсин.
3. Малдар үчүн жүргүзүлгөн идентификациянын негизинде шаарга кирген чыккан малдар кириш жана чыгышталып малдын саны такталуусу такай жүргүзүлүп турулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин муниципалдык менчик, айыл чарба, агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |