Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 01-10/61
Баткен шаарында “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын” эсебинен ишке ашуучу иш чараларды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алднча башкаруу органдары жөнүндө” №101 Мыйзамынын 31-беренесинин3-пункутуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы “2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө” №194 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги “Үлүштүк (дем берүүчү) гарнаттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү туурлуу” № 230 токтомуна ылайык Баткен шаарын өнүктүрүүгө багытталган 2018-жылга кабыл алынуучу иш чаралардын долбоорун бекитүү макстында Баткен шаардык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаарын 2018-жылга өнүктүрүүгө багытталган иш чаралардын кээ бир бөлүктөрү “Үлүштүк ( дем берүүчү) гранттардын эсебинен ишке ашыруу максатында иш чара бекитилсин. (иш чара тиркелет)
2. Бекитилген иш чара шаар калкына массалык маалымат каражаттары аркылуу жеткирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М. Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |