Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 01-10/62
Баткен шаарынын аймагындагы кээ бир муниципалдык менчик жер аянттарын аукцион аркылуу сатылууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-июнундагы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» №84 Мыйзамынын 13-статьясына ылайыйк жана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2017-жылдын 13-декабрдагы №01-22/743;2017-жылдын 27-ноябрдагы №01-22/683; 2017-жылдын 23-октябрындагы №01-22/589 каттарынын, шаардык Кеңештин муниципалдык меничк, айыл чарба жана агарардык жер маселелери боюнча турктуу комиссиясынын 2017-жылдын 21-декабрдагы отурумунун протоколунун, курулуш куру, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 18-декабырындагы отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансасындагы төмөнкү жер аянттары аукциондун негизинде сатылууга макулдук берилсин.
1) Шаардын Н.Дыйканов көсөүндөгү Осмонова Кыйматтын менчик короо жайынын түндүк тарабындагы муниципалдык менчиктин балансасындагы 717 м2 жер аянты;
2) Шаардын Сайдиман Ажы көчөсүндөгү Осмонова Кыйматтын жеке менчик короо жайынын түндүк тарабындагы мунииципалдык менчиктин балансасындагы 531 м2 жер аянты;
3) Шаардын Султанмурат миң башы көчөсүндөгү Жапарова М жеке менчик короо жайынын түндүк тарабындагы, муниципалдык менчиктин балансасындагы 246 м2 жер аянты
4) Шаардын Кызыл-Жол кварталынын БАМ участкасындагы муниципалдык менчиктин балансасндагы, өндүрүштүк дана курулуш астындагы 0,25 га жер аянты.
2. Сатылууга макулдук берилген жер аянттарын аукциондун негизинде саттыкка коюуу жана сатууну уюштуруу менен бюджетке киреше түшүрүү жагы шаар мэриясына /М.Рахимов/ тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык кеңештин курулуш куруу,архитектура, коммуникация жана транспорт маселлери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/, муниципалдык менчик, айыл чарба жана агрардык жер аянттары боюнча туруктуу комиссиясына /А.Пинназаров/ тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |