Редакцияот 27.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2017-жылдын 27-декабры № 01-10/63

Баткен шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктин баласасындагы кээ бир жер аянттарын которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №101 Мыйзамынын 5-пункутуна, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө 2013-жылдын 15-июлдагы №145 Мыйзамына жана Баткен шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун 2017-жылдын 21-декабрдагы протоколуна ылайык Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы мамлекеттик фондунун эсебиндеги 2,8 га сугат айдоо жер аянты эс алуу паркын куруу үчүн жана Булак-Башы кварталындагы мамлекеттик фондунун эсебиндеги 1,5 га сугат айдоо жер аянты мектеп үчүн “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштар” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Которууга макулдук берилген жер аянттарын керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасоо жагы шаар мэриясына тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин муниципалдык менчик, айыл чарба жана агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Ташбеков