Редакцияот 27.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2017-жылдын 27-декабры № 01-10/64

Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №101 Мыйзамынын 37 берененин 12-пункутун, Баткен шардык Кеңешинин IV чакырылышынын Vсессиясынын №6-5 токтому менен бекитилген “Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө “ жобосуна ылайык жана Баткен шаардык Кеңешинин жаштар, спорт, маданият, медицина жана социалдык өнүгүү маселелери боюнч туруктуу кмиссиясынын 2017-жылдын 19-декабрдагы отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Баткен шаарынын “Шаар мыйзамынын бардык таламдарын үлгүлүү аткаргандыгы, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы, элдин биримдигин, достугун бекемдөөдө өзгөчө салым кошкон, шаар калкынын алдында көрүнүктүү эмгегин сиңирген, шаардык Кеңештин үзгүлтүксүз 3 жолку депутаты болуп шайланган Баткен шаарынын тургуну Рахматов Эркин Ашировичке Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

2. Баткен шаарынын “Шаар мыйзамынын бардык таламдарын үлгүлүү аткаргандыгы, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы, элдин биримдигин, достугун бекемдөөдө өзгөчө салым кошкон, шаар калкынын алдында көрүнүктүү эмгегин сиңирген, шаардык Кеңештин 1-2-чакырылыша депутат болуп шайланган, шаардык транспорт менен камсыздоодо жана Баткен коошалаңында татыктуу кызмат көрсөткөн, Баткен шаарынын тургуну Алтымышов Нишанбай Турмаматовичке “Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы Ж. Алдашовага тапшырылсын.

 

Төрага

А. Ташбеков