Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 01-10/65
Баткен шаарынын Булак-Башы АТОсунун аты жок кээ бир көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы «Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектилерди атоо, алдардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө» жобосуна жана Баткен шаардык Кеңешинин жаштар, спорт туризм, медицина, маданият жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Булак –Башы АТОсунун борбордук көчөсүнө, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамынын ээси маркум Каюмов Иметтин аты ыйгарылсын.
2. Булак-Башы АТОсунун жаңы конушунун аты жок 1-көчөсүнө маркум Дыйканов Абдижардын ысымы ыйгарылсын.
3. Булак-Башы АТОсунун аты жок көчөлөрүнө ыйгарылган аттар, шаар калкына массалык маалымат каражаттары аркылуу жеткирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин жаштар, спорт, туризм, медицина, маданият жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергенов/ тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |