Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 01-10/69
Баткен шаарынын Чет-Булак калктуу конушуна айыл статусун берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын катынын тиркемесиндеги айыл статусу берилүүчү калктуу конуштардын тизмесин бекиткен, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин /Д. Канакеев/ 2017-жылдын 16-ноябрындагы №11-4066 катынын жана Чет-Булак аймактык башкармалыгынын элинин 2017-жылдын 11-декабрындагы протоколунун чечиминин негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалынын Чет-Булак калктуу конушуна “айыл” статусун берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын жогорку органдарынан суралсын.
3. Керектүү болгон иш кагаздары менен камсыз кылуу жагы Баткен шаар мэриясына /М.Рахимов/ тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М. Дубанаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Ташбеков |