Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 01-10/70
“Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугуна” толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Баткен шаардык Кеңешинин 3-чакырылышынын 2006-жылдын 29-мартындагы №13 токтому, Эл Аралык ЮСАИД уюмунун “кыргыз Республикасында жер реформасы” долбоорунун колдоосу менен бекитилген “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” (“Правила застройки и землепользования города Баткен”) китебинин 1.7-главасынын 22-статьясынын 1-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык кенешинин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 13-декабрдагы отурумунун протоколунун, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2017-жылдын 9-ноябрдагы №01-22/625; 2017-жылдын 10-октябрындагы №01-22/570; 2017-жылдын 7-декабрдагы №01-22/727 катынын негизинде негизинде Баткен шаардык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугунун” 2-бөлүмүнүн 25-беренесинин 1-пунукутуна, 26-берененин 2-пунукутуна өзгөртүүлөр киргизилсин: (тиркеме тиркелет)
2. Тиркемеге ылайык категориялары өзгөртүлгөн жер аянтынын карталары “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” китебине тиркеме катары киргизүү жагы шаар куруу жана архитектура башкармасына /К. Эргешов/ жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай , коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М. Добутов/ тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
Баткен шаардык кенешинин VI
чакырылышынын кезектеги
VI сессиясынын № 01-10/70
токтомуна №1 тиркеме
Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” китебинин 2-бөлүмүнүн 25-статьясынын 1-пункутунун, 26-статьясынын 2-пункутунун өзгөртүүсү; Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин басансасындагы төмөнкү жер аянттары;
1. И.Раззаков көчөсүндө Баткен шаардык ички иштер башкармалыгынын түндүк тарабындагы 30м2 жер аянтыК-1 зоонасынан Ц-1 зоонасына өткөрүүгө макулдук берилсин;
2. Кызыл-Жол кварталындагы БАМ участкасындагы башталгыч мектептин ээлеген 1350 м2 жер аянты П-2 зоонасынан Ж-2 зоонасына;
3. Т.Сыдыков көчөсүндөгү Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин фудбол аянтчасынын 218 м2 жер аянты Ж-3 зоонасынан С-1 зоонасына өткөрүлүүгө макулдук берилсин.
Жооптуу катчы Ж. Алдашова