Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 01-10/71
Баткен шаарынын аймагындагы жалпы жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын сырткы чек араларын тактоо картасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №101 5-пунукутуна жана Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган, Баткен шаарынын аймагындагы жалпы жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын сырткы чек арасын тактоо материалдарын бекитүү максатында Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаарынын аймагындагы жалпы жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын сырткы чек арасын тактоо картасы /материалдары/ бекитилсин. (карта тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин муниципалдык менчик айыл чарба жана агрардык жер маселелери боюна туруктуу комиссиясына /А. Пинназаров/ тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |