Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 01-10/72
Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кээ бир штат бирдиктерин кыскаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №101 Мыйзамынын 31-статьясынын 13-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 22-декабрдагы отрумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин штат сан эсеби 2018-жылдын 1-январынан тартып төмөнкү 6 штат бирдиги кыскартылсын.
- жетектөөчү адис (курулуш тармагы боюнча) -1
- жетектөөчү адис (материалдык эсепчи) -1
- жетектөөчү адис (катчы) -1
- жетекчинин катчысы -1
- күзөтчү -2
2. Шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин штат эсеби 25 бирдиктен тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн. (штат бирдиги тиркелет)
3. Кыскартылган штат бирдиктери, жалпыга жарыяланып, КР Эмгек Кодексине ылайык эсептешүү жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |