Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 01-10/75
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Таза-Суу” муниципалдык ишканасын өзүн өзү каржылоого өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2015-жылдын 15-июлдгы № 101 Мыйзамынын 31-беренесинин 5;13-пункуттарына жана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2017-жылдын 20-декабрындагы №01-22/765 а кызматтык катынын, шаардык кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отрумунун 2017-жылдын 20-декабрдагы протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаар мэриясынын алдындагы “Таза –Суу” муниципалдык ишканасын өзүн-өзү каржылоого өткөрүлүүгө макулдук берилсин.
2. ”Баткен шаар мэриясынын алдындагы “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын штат бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиикелет).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |