Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры № 01-10/42
Шаардын борбордук көчөлөрүндөгү соода точкаларын жайгашуусун жана сырткы көрүнүштөрүн иретке келтирүү боюнча шаар мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү соода точкаларынын жайгашуусун жана сырткы көрүнүштөрүн иретке келтирүү максатында шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти, Баткен облустук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы жана Баткен, Сүлүктү жана Баткен, Лейлек райондору боюнча регионалдык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгы менен биргеликте иш алып барышууда.
2017-жылдын биринчи жарым жылыдыгында, шаар аймагы боюнча: Берилбеген жерлерге соода сатык жүргүзгөндүгү үчүн 18 жаранга эскертүү берилип, борбордук базардын ичине киргизилген.
-Соода түйүндөрүн мыйзамсыз кургандыгы үчүн 4 жаранга эскертүү берип, курулушту мыйзамдаштыруу талабы коюлган.
-КР административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 454-статьясынын (Объектерди мыйзамсыз куруу жана колдо болгон кыймылсыз мүлк обьекттерди өзгөртүү) негизинде 8 объект сотко өткөрүлүп, соттун чечими менен обьект ээлери айып төлөшкөн.
Мындан сырткары С.Сыдыков көчөсүндө “Ай-Көл” рестораны, М.Нургазыев көчөсүндө “Асылбек” соода борбору, М.Нургазыев менен Т.Садыков көчөсүнүн кесилишиндеги эки кабаттуу соода түйүндөрү жана башка бир топ соода түйүндөрүнүн сырткы көрүнүштөрүн иретке келтирүү иштери жүргүзүлгөн.
Соода точкаларынын сырткы көрүнүштөрүнө түйүндөрдүн аталышын, дарегин, жарнамалык чакырыктарын туура жазылышы, орнотулушу боюнча Баткен телевидениеси менен биргелекте рейддер уюштурулуп эскертүү берилген.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шаардын борбордук көчөлөрүндөгү соода точкаларын иретке келтирүү, соода токаларынын сырткы көрүнүштөрүн иретке келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер мындан ары да күчөтүлүшү эскертилсин.
2. Шаардын аймагындагы соода точкаларынын аталыштарын , чакырык жарнамаларын туура жазуу жана көрктүү жазуу менен тез-тез жаңыланып турууну уюштуруу жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Шаардын борбордук базарынын келечекте шаар сыртына чыгаруу менен базардын азыркы ээлеп турган жерин заманбап соода түйүнүнө айлантуу долбоорун иштеп чыгуу жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
4. Долбоорду иштеп чыгууга жана базардын айланасын иретке келтирүү үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жана тиешелүү адистерден турган шаар мэриясынын алдында жумушчу комиссиянын курамы түзүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ милдеттендирилсин.
Төрага | А. Ташбеков |