Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры № 01-10/43
Шаар ичиндегиавтопарковкаларды уюштуруунун жана жол боюндагы автоуналарды тартипке келтирүү боюнча шаар мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Баткен шаарынын ичиндеги автопарковкаларды иретке келтрүү менен шаар калкын коомдук, транспорт менен камсыздоо максатында шаар мэриясы программаларга жана иш чараларга сунуштаган долблоорлорунун ишке ашыруу үчүн бир топ пландары шаардык кеңештин алдындагы туруктуу комиссияга сунуштап келет.
Шаардын И. Раззаков көчөсүндө 420 м2 жер аянты автопарковка үчүн аукциондун негизинде, аталган жердин тазалыгын сактоо менен уналарды тартипке келтирүү максатында 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Сайдиман ажы көчөсү менен М. Нургазыев көчөсүнүн кесилишкен жерининен, Сайдиман ажи көчөсү менен М. Салихов көчөсүнүн кесилишкен жерине чейин ОсОО «Баттаксинин» башчысы М. Султанов менен түзүгөн келишимдин мөөнөтү 2017-жылдын 1-январынада аяктаган.
М. Салихов көчөсүн иретке келтирүү максатында жеке ишкерге шаар мэриясынын алдындагы курулуш куруу комиссиясынын чечиминин, шаар мэринин макулдугу менен ижарага берүү пландалып, архитектура тарабынан бүтүм жасалып бериле элек.
Баткен районунун Самаркандек зоонасына жана шаардын Кызыл-Жол кварталына каттаган таксилер үчүн шаардын баташ тарабындагы Жибек-Жолу магистралдык жолу менен Т.Садыков көчөсүнүн кесилишинде Р-6 каналынын жегине жылдыруу жагы пландалып сунушталууда. Эгер сунушталган план колдоо таап калса шаардын Т. Садыков көчөсүндөгү «Эркиндик» эстелигин астында турган таксистер ошол жердеги көп кабаттуу үйлөрдү жашочуларына жана Т.Садыков көчөсүнүн жол кыймылына тоскоолдук жаратпай калат эле.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаарынын ичинде авнтоуналарды тартипке келтирүү, борбордук көчөлөрдөгү автоуналардын кыймылын коопсуздугун сактоо. Калка жеткиликтүү шарт түзүп берүү максатында шаардын эски аялдамалары төмөнкү жерлерге көчүрүлүүгө макулдук берилсин:
- Жибек-Жолу көчөсү менен Т. Садыков көчөсүнүн кесилишине Р-6 каналынын жегине Баткен районунун Самаркандек зоонасына кетүүчү таксилер үчүн;
- Т. Садыков көчөсүнөн Интерноционал көчөсүнө кирип, Коммунизм көчөсүн батыш тарабынан жаап Кызыл-Жол кварталына таксилер үчүн (Баткен кафесинин айланасы)
- М. Салихов көчөсүнө Баткен районунун түштүк зоонасына кетүүчү таксилер үчүн;
- Орозбеков көчөсү менен С. Айтматов көчөсүнүн кесилишине областтык оорукана үчүн автопарковка уюштуруу;
2. Шаардагы таксилер үчүн белгиленген атайын жайларды талапка ылайык уюштуруу жагы шаар мэриясына /М. Рахимов/ тапшырылсын.
3. Ушл токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш куруу, архитектура, транспорт жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |