Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры № 01-10/44
Шаар аймагында 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият жылы алкагында” жүрүп жаткан иш чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017- жылдын 5-январындагы “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” № 1-Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 27-январындагы № 13-8/17 сандуу буйругун аткаруу максатында, Баткен шаарынын мэриясынын 2017- жылдын 24- февралында № 03-25/28 сандуу буйругун аткаруу максатында, Баткен шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 24-февралында №03-25/28 сандуу буйругу кабыл алынып, иш–чаралар планы бекитилген 26 иш чарадан турат. Учурда 12 иш чара аткарылып. 14 иш чара жыл ичинде белгиленген мөөнөттө аткарылуусу көзөмөлдөнүп турат.
Буйрук мекеме-ишканаларга жеткирилип, аткарууга алынып, иш-чара планына ылайык шаар аймагында иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Тактап айтканда, маданият, тармагында: “2017-жыл- Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында 2017-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү обончу жана аткаруучу Аппаз Жайнаковдун жаркын элесине арналган “Ыр күнү” кароо сынагы В.И Ленин атындагы орто мектебинин жыйындар залында өткөрүлгөн. Сынактын шаардык туруна 31 конкурсант катышып, гимназия -жатак мектебинин окуучулары жеңүүчү табылып, кароо сынагынын облустук туруна катышууга жолдомо ыйгарылган. “Айгүл-Тоо айымдары” фольклордук тобуна сынаксыз жолдомо ыйгарылып, сынак массалык маалымат каражаттарына чагылдырылган.
Кыргыз Республикасынын “ 2017-жыл-“Ыйман, адеп жана маданият жылынын” алкагында, 2017-жылдын 16-февралында Эл ТР компаниясынын чыгармачыл тобу “Улуттук каада-салт” телеберүүсүнүн бир чыгарылышын Баткен шаарынын аймагында тартышты. Элдик каада-салт боюнча “Айгүл-Тоо айымдары” тобу, баатыр энелердин өкүлдөрү, чыгармачыл инсандар “Умай атала” (кош бойлуу келиндерге берилүүчү ак бата) жана унутулуп бара жаткан “Чач өрүү салтын ак элечек айымдар жогорку деңгээлде аткарып, улуттук тамак-аш жасалып, тасмага түшүрүлгөн.
2017-жылдын 27-февралында Баткен областтык “Октябрь” кинотеатрында аскердик-атуулдук “Жоокер ыры” атуулдук ырлар, көркөм окуу жана согуш жылдарындагы ырлар боюнча кароо- сынагынын шаардык туру болуп өттү. Сынакка шаардын орто мектептердин окуучулары катышып, Баткен областтык гимназия жатак мектебинин окуучулары 1-орунду камсыз кылышып, сынактын республикалык туруна катышууга жолдомо алышкан.
Баткен шаардык билим берүү мекемелеринде “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында жаш жеткинчектерге элдик оозеки чыгармачылык, жомоктор аркылуу ой туюмдарын өнүктүрүү максатында Баткен областтык музыкалык- драма театры тарабынан даярдалган “Чокчолой баатыр” жомогу шаарыбыздын окуучуларына көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына карата “Желбирей бер эркиндиктин желеги” аттуу девиз менен шаар аймагында майрамдык салтанат өткөрүлүп, салтанатка КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Халмурзаев Баткен шаарынын мэри М.Рахимов, мекеме ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, окуучулар жана студенттер катышышкан.
Студенттер шаар көчөлөрүндө ак калпак кийип, желек көтөрүп, жоо жүрүшкө чыгышты. Майрамдык салтанат мекеме – ишканаларда жана билим берүү мекемелеринде улантылган.
2017-жылдын 6-мартында шаардын окуучулары арасында “Ак калпак күнүнө” карата тамашоу оюну өткөрүлгөн.
8-март аялдардын Эл аралык күнүнө арналган салтанат Баткен шаарында 2017-жылдын 6-мартында Баткен областтык А. Жайнаков атындагы драма театрында шаар аймагындагы баатыр энелер ,эмгектин ардагерлери, алдынкылары, шаардык мекеме -ишканалардын аял кызматкерлери баары 100 аял чакырылып, Баткен шаарынын мэриясы тарабынан акчалай белектер берилип, эмгектин алдынкылары сыйланып, чоң концерттик программа тартууланган.
Баткен шаарынын борбордук стадионунда 21-март “Нооруз-2017” элдик майрамы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Тамак-аш көргөзмөсү уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер берилди. Кыргыз Республикасында 2017-жыл Ыйман адеп жана маданият, жылынын алкагында Баткен шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан “Нооруз” майрамына карата 2017-жылдын 18-мартында улак тартыш улуттук оюну өткөрүлдү. Шаар калкына маданият кызматкерлери концерттик программа, майрамдык маанай тартуулашкан.
УАМ согуштун 2 ардагерине Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 2 автоунаа, 22ооруктун катышуучуларына 5000 сомдон жалпы 310 мин сом акчалай материалдык жана моралдык жардамдар берилди. КР Өкмөтү тарабынан берилүүчү компенсациялар толугу менен таркатылды.9-май жеңиш күнү борбордук стадиондо уюшкандыкта жогорку деңгээлде өткөрүлүп, ардагерлерге сый тамак берилди. 9-май “Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына” карата Баткен шаарынын мэринин кубогуна футбол боюнча мелдеш жана күрөш оюндары уюштурулган.
2-июнь “Балдарды коргоо күнүнө” карата “Жеңиш” паркында жаш жеткинчектерге арналган чоң майрам өткөрүлгөн.
Баткен шаарында май айында Кыргыз Республикасынын Эл артисти С.Садыкованын, А. Өзүбековдордун үй-бүлөлүк чыгармачылык кечеси жогорку деңгээлде өткөрүлгөн.
Социалдык тармакта:
Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгынын жүрүшүндө шаар боюнча жалпы 102(бир жүз эки) адамга 60,0 (алтымыш миң) сомдук колдоолор көрсөтүлгөн.
Баткен шаарындагы улгайган жарандар үчүн күндүзгү келип кетүү борборунда чач тарач ачылуу алдында турат.
Билим берүү тармагында
“Илим ,техника жана өндүрүш” жумалыгы кароо сынагынын мектептик туру шаардын билим берүү мекемелеринде өткөрүлдү. Аталган кароо сынактын шаардык туру 2017-жылдын 27-январында А, Имаров - Кызыл-Топу атындагы орто мектебинин базасында өткөрүлүп, областтык туруна 14 окуучу катышууга жолдомо алган.
Шаардык мектептерде окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу жакшы окууга стимул берүү максатында ар кандай сынактар өткөрүлүп келет.
Алсак, “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында шаардык мектептерде “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашы, “Акыл таймашы” “Акыл ордо”, “Билерман ордо” интеллектуалдык оюндары, “Сармерден” музыкалык сынактары жана “Театр” фестивалдары жогорку деңгээлде өткөрүлгөн.
Билим берүү мекемелеринде желектин 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынуу тарыхы, туусунун андагы символикалык белгилердин мааниси жөнүндө, кыргыз элинин ата-бабадан, муундан муунга, берилип келе жаткан баш кийими ак калпактын арнаменттери, касиети, ошондой эле калпактын түрлөрү жөнүндө тарыхый маалыматтар окуучуларга жеткирилген.
2016-2017-окуу жылында 48 мугалим билимин өркүндөтүү курсунан өткөн.
2016-2017- окуу жылында В,И Ленин а.о.м. базасында шаардын тарых мугалимдери үчүн “Үркүнгө 100 жыл” деген темада окуу конференциясы октябрь айында, Ж. Боконбаев атындагы орто мектебинин базасында шаардын тарых мугалимдери үчүн” “Эгемендүүлүккө 25 жыл” деген темада окуу конференциясы ноябрь айында, А. Имаров- Кызыл -Топу а.о м. базасында шаардын орус тилчи мугалимдеринин семинары ноябрь айында өткөрүлгөн.
Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдында уюшулган окуу- усулдук кабинетинин методисттери тарабынан 480 сааттык “Наристе” балдарды мектепке даярдоо жана “Алтын ачкыч” программалары боюнча 4 күндүк окутуу семинары өткөрүлгөн. Катышкан мугалимдердин саны 33.
“Мектептерде педагогикалык кеңешмелерди өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү” деген темада семинар-дискуссия өткөрүлдү. Ага мектеп директорлору, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары жалпысынан 15 адам катышкан.
Кызыл-Жол аймактык башкармалыгындагы спорт залдын курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 921 миң сом каржыланган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017- жылдын 3-февралындагы № 13-8/18 сандуу буйругун аткарууга алып, 2017-жылдын 20- февралындагы “Баткен шаарынын аймагында айлана чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык жактан тазалоонун үч айлыгын өткөрүү жөнүндө” № 03-25/24 сандуу буйругу, иш чаралар бекитилип, шаардык мекеме- ишканаларга жеткирилген.
“Ыйман, адеп жана маданият” жылында бекитилген иш-чаранын алкагында “Табигатка таазим” аттуу девиз менен бир катар иш аракеттер жүргүзүлгөн.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясына, шаардын аймагындагы бардык мекеме –ишканалар жана уюмдар тыгыз иш алып баруу үчүн шаардын аймагын дайыма иретке келтирүүнү, тазалоону колго алуу жагы айтылып, көчөлөр жетекчилерге шефтикке бөлүнгөн.
Үч айлыктын алкагында шаар аймагында 14 жолу ишембилик уюштурулуп, 1270 адам катышты.
Ошондой эле, социалдык- маданий объектилердин, мекеме –ишканалардын, жеке менчик сода түйүндөрүнүн имараттары, менчик үйлөрдүн дубалдарын актоо-сырдоо иштери жүргүзүлдү. Шаардын борбордук И. Раззаков, М. Салихов, М. Нургазиев, С. Сыдыков көчөлөрү , Параң участкасы тазаланып, таштандылары ташылып, тазаланган.
“Жеңиш”, “Жаштык” парктарынын , “Жеңиш” эстелигинин айланасына жана Баткен шаарынын мэриясынын имаратынын алдына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 260 миң сом, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан долбоордун негизинде 180,0 миң сом акча каражаты каралып, жалпы 90 даана отургучтар орнотулган.
Баткен шаары аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү , жашылдандырууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300 миң сом акча каражаты каралып, шаар аймагына ийне жалбырактуу көчөттөр, гүлдөр отургузулуп, актоо-сырдоо иштери жүргүзүлгөн.
Шаардын борбордук И.Раззаков көчөсүнүн ортосундагы бардюрга 30 кг газон себилди.
Ар бир аймактык башкармалыктарда жергиликтүү бюджет эсебинен 475 ийне жалбырактуу, 20 ак кайың жана 16 000 мөмөлүү жана мөмөсүз дарактар жергиликтүү калк тарабынан отургузулду. Кызыл-Жол аймактык башкармалыгынын Качкын участкасынын бактары, үлүш өрүк бактары ,Параң участкасынын бак-дарактарын актоо-сырдоо иштери жүргүзүлүп , жалпысынан шаар аймагында 13 650 түп дарак акталган.
Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Тамаша-Жай массивинде 1042м дренаж казылып бүткөрүлдү. Шаар ичинде үч айлыктын алкагында 210 км арыктар тазаланып , жалпысынан 630 тонна таштандылар чыгарылган.
Аткарылган иштердин болжолдуу наркы 760 466 сомду түздү.
Айлана чөйрөнү көрктөндүрүүнүн үч айлыгынын алкагында шаар калкын тазалыкка чакыруу максатында “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү квартал” кароо-сынагы белгиленген графикке ылайык өткөрүлгөн.
“Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында Баткен шаарынын И. Раззаков көчөсүнө “Баткен согушунун катышуучулары” үчүн эстелик орнотууга жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом акча каражаты каралып, курулуш иштери бүткөрүлгөн.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаар аймагында 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият жылы алкагында” жүрүп жаткан иш чаралар жогорку деңгеелде белгиленип өткөрүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. ”Ыйман, адеп жана маданият жылы алкагында белгиленип бекитилген иш чаралар жыл жыйынтыгы менен аткарылгандыгы жөнүндө шаар калкына шаардык “Өрүк зар” газетасы аркылуу жеткирилип турулсун.
3. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин Социалдык жактан өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча турктуу комиссиясына /М.Мергенов/ тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |