Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры № 01-10/45
Баткен шаарынын жашылдандыруу, көрктөндүрүү, санитардык тазалыгын камсыз кылуу жана инфраструктурасын көтөрүү боюнча шаар мэриясынын жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы №13-8/18 “Баткен областынын аймагында санитардык жактан тазалоону күнүмдүк ишке айлантуу жөнүндөгү” буйругун аткарууга алып, 2017-жылдын 20-февралындагы “Баткен шаарынын аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык жактан тазалоонун үч айлыгын өткөрүү жөнүндө” №03-25/24 сандуу буйругу, иш-чаралар планы бекитилип, шаардык мекеме-ишканаларга жеткирилген.
Бекитилген иш-чаранын алкагында бир катар иш аракеттер жүргүзүлгөн.
Шаар аймагындагы бардык мекеме-ишканалар жана уюмдар тыгыз иш алып баруу үчүн шаардын аймагын дайыма иретке келтирүүнү, тазалоону колго алуу жагы милдеттендирилген.
Ошондой эле социалдык-маданий обьектилердин, мекеме-ишканалардын, жеке менчик соода түйүндөрүнүн имараттары, менчик үйлөрдүн дубалдарын актоо-сырдоо иштери жүргүзүлгөн.
Жарыяланган үч айлыктын алкагында “Манас” эс алуу комплексинин, “Жеңиш”, “Жаштык” парктарынын, борбордук стадионунун айлана-чөйрөсү тазаланып, иретке келтирилген.
“Жеңиш”, “Жаштык” парктарынын, “Жеңиш” эстелигинин айланасына жана Баткен шаарынын мэриясынын имаратынын алдына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 260 миң сом, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан долбоордун негизинде 180 миң сом акча каражаты каралып, жалпы 90 даана отургучтар орнотулган.
Баткен шаары аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандырууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300 миң сом акча каражаты каралып, шаар аймагына ийне жалбырактуу көчөттөр, гүлдөр отургузулуп, актоо-сырдоо иштери жүргүзүлгөн.
Шаардын борбордук И.Раззаков көчөсүнүн ортосундагы бардюрга 30 кг газон себилген.
Жергиликтүү бюджет эсебинен ар бир аймактык башкармалыктарда баары 475 даана ийне жалбырактуу,20 даана ак кайың жана 16 000 даана мөмөлүү жана мөмөсүз дарактар жергиликтүү калк тарабынан отургузулган.
Шаардын борбордук И.Раззаков, М.Салихов, М.Нургазиев, С.Сыдыков, Т.Садыков көчөлөрү, Параң участкасы тазаланып, таштандылары ташылып, тазаланган.
Кызыл-Жол аймактык башкармалыгынын Качкын участкасынын бактары, үлүш өрүк бактары, Параң участкаларынын бак-дарактарын актоо-сырдоо иштери жүргүзүлүп, жалпысынан шаар аймагында 13 650 түп дарак акталган.
Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Тамаша-жай массивинде 1042м дренаж казылып бүткөрүлгөн.
Шаар ичинде үч айлыктын алкагында 210 км арыктар тазаланып, жалпысынан 630 тонна таштандылар чыгарылган.
Аткарылган иштердин болжолдуу наркы 760 466 сомду түзгөн.
Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүнүн үч айлыгынын алкагында шаар калкын тазалыкка чакыруу максатында “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү квартал” кароо-сынагы белгиленген графикке ылайык өткөрүлгөн.
Шаардын инфраструктурасын көтөрүү максатында, «Ыйман, адеп жана маданият» жылынын алкагында Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүнө “Баткен согушунун катышуучулары” үчүн эстелик орнотууга жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом акча каражаты каралып, куруш иштери бүткөрүлгөн.
УАМ согуштун катышуучуларынын “Жеңиш” эстелигин реставрациялоого жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом акча каражаты каралып, реставрация иштери толук бүттү.
Чернобыль окуясынын катышуучуларына мемориалдык эстелик орнотуу үчүн жер тилкеси берилген. 2017-жылдын иш чарасына киргизилип, 200 миң сом акча каражаты каралган. Учурда проект, сметасы иштелип жатат.
И. Жусупов, К.Турмаматов көчөлөрүнө тротуар, суу ноолорун (латок) куруу,М.Салихов көчөсүн жарыктандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 7 млн.сом дем берүүчү грантын эсебинен 7 млн.сом акча каражаты бөлүнүп, учурда иш жүрүп жатат.
Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында аткарылган иштер боюнча шаардык “Өрүкзар” гезитинин 2017-жылдын 24-майындагы №9-санында атайын материалдар жарыяланды жана Баткен телеберүүсүнөн чагылдырылып турулган.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаарынын жашылдандыруу, көрктөндүрүү санитардык тазалыгын камсыз кылуу жана инфраструктурасын көтөрүү максатында жүргүзүгөн иштери канаатандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Шаардын инфраструктурасын көтөрүү максатында шаар аймагында курулуп жаткан үйлөр, офис, соода борборлору менчигин түрүнө карабастан архитектуралык обьликте куруу жагы эскертилсин.
-шаарда курулуп жаткан курулуштардын (жеке менчик курулштар) талапка жоо бербеген курулуштардын куруусуна жол бербөө жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Шаарды жашылдандыруу максатында шаардын борбордук көчөлөрүнө коп жылдык бактарды, (декаративдүү), көрктүү гүлдөрдү өстүрүү жагы колго алынсын.
4. Шаардын түнкү көрктүү көрүнүшүнө, түнкү жарыктардын бирдей үлгүлөрү, шаар мэриясы тарабынан иштелип чыгылып, менчик турак жайларга, соода түйүндөрүнө, мекеме ишканаларга сунушталсын.
5. Шаардын тазалыгын камсыз кылуу үчүн такай иш чаралар уюштурулуп, шаар калкына шаарды таза кармоо амксатындагы роликтерди жасоо менен массалык маалымат каражаттары аркылуу шаар калкына жеткирүү жагы жыл боюу жүргүзүлүп турулсун.
6. Шаардык Кеңештин кезектеги сессияларында шаардын коркүнө, тазалыгы, жашылдануусу үчүн жүргүзүлүп турган иштер жүнүндө маалымат берилип турулсун.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага |
А. Ташбеков |