БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 21-сентябры № 01-10/46
Баткен шаардык бюджетинин 2017-жылдын 6-айлыгынын аткарылышын көзөмөлдөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2015-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутуна жана Баткен шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отрумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаардык бюджетинин 2017-жылдын 6 айлыгы 39665,2 мин сомго бекитилип 37612,4 мин сомго тактап айтканда 94,8 % аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Шаардын жергиликтүү бюджетинин 2017-жыл үчүн киреше бөлүгүнүн бекитилген планы шаардык салык кызматы тарабынан 3 млион сомго Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылбастан кыскартылган салык топтому кайрадан ордунда калтырылсын.
3. Шаардык жергиликтүү бюджеттинин киреше жагы өз алдынча макулдашылбастан КР Финансы министрлиги менен 3 млионго кыскарткандыгы үчүн ошол мезгилдеги, Баткен шаардык салык кызматынынын жетекчиси Ж.Жолдошовго чара көрүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча турктуу комиссиясына /З.Ахмедова/ тапшырылсын.
Төрага |
А. Ташбеков |