Редакцияот 21.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2017-жылдын 21-сентябры № 01-10/47

Баткен шаарынын 2018-2022-жылдарга Өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2015-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-берененин 3-пункутуна ылайык “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы “2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө” №194 токтомуна ылайык Баткен шаар мэриясынын иштеп чыгып сунуштаган, “Баткен шаарынын  2018-2022-жылдарга Өнүктүрүү программасын” бекитүү максатында Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Баткен шаарынын 2018-2022-жылдарга Өнүктүрүү программасы бекитилсин (программа тиркелет)

2. Бекитилген программа шаар тургундарына шаардык “Өрүк зар” коомдук саясый газетасы аркылуу жеткирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М. Дубанаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

 

А. Ташбеков