ТоктомКүчүндө

Баткен шаардык кеңешинин 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 01-10/49 «Баткен шаарынын аймагынан жеке турак жай үчүн жер участогун алуучулардын кезегин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция21.09.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2017-жылдын 21-сентябры № 01-10/49

Баткен шаарынын аймагынан жеке турак жай үчүн жер участогун алуучулардын кезегин бекитүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын «Жегиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө №101 31-берененин 2-пункутунун 1-пункутчасына жана шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоклуна ылайык Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Баткен шаарынын аймагынан жеке менчик турак жай үчүн жер участогун алуучулардын тизмеси бекитилсин. ( тизме тиркелет)

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М. Дубанаевге тапшырылсын.

 

Төрага

 

А. Ташбеков