Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры № 01-10/51
Баткен шаарынын инфраструктурасын 2017-жыл ичинде өнүктүрүүгө багытталган иш чаралардын кээ бир бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2015-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутуна жана Баткен шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаарынын инфраструктурасын 2017-жылдын 4 кварталынын ичинде өнүктүрүүгө багытталган иш чаралардын төмөнкү бөлүктөрүнө өзөгөртүүлөр киргизилсин:
1) Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 3111 имараттар жана курулуштар статьясынан 113 195 сом кыскартылып, Баткен коогалаңына арналган эстелик үчүн мурда карлаган 173 570 сомго кошумча 113195 сом кошулуп, баары 286765 сомго бекитилсин.
2) Шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 4 кварталга карлаган 3111 статьясынан 219114 сом кыскартылып, шаардагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин желим терезеси үчүн каралган 233426 сомго кошумча, 219114 сом 4 кварталга кошулуп берилсин.
3) Шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменинин 4 кварталдын 3111 статьясынан 150000 сом кыскартылып, Шаар мэриясынын адмистративдик имаратынын телезелерин желим терезелерге алмаштыруу үчүн бөлүнгөн 105000 сомго кошумча 150000 сом 4-кварталга кошулуп берилсин.
4) Шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменинин 4 кварталдын 3111 статьясынан 129000 сом кыскартылып, Кызыл-Жол орто мектебинин ажатканасы үчүн бөлүнгөн 600000 сомго кошумча 129000 сом 4- кварталга кошулуп берилсин.
5) Шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменинин 4 квартал 3111 статьясынан100000 сом кыскартылып, Кызыл-Жол кварталына курулуп жаткан спорт залына 921000 сомго кошумча, 100000 сом 4 каврталга кошулуп берилсин.
2. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 3112“Машина жана эмеректер” статьясынан:
1) “Баткен Тазалык” ишкансына портер үлгүсүндөгү автомашина үчүн бекитилген 3112- статьясындагы 600000 сомдун 150000 сому кемитилүүгө макулдук берилсин.
2) Баткен шаарынын эс алуу пактарына орнотулган олтургучтар үчүн 3112-статьясына каралган 325000 сомго кошумча 160000 сом бөлүнүп берилсин.
3) шаар аймагындагы жаңы конуштар үчүн 3112–статьясынан каралган 500000 сомго кошумча 700000 сом кошулуп берилсин.
3. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментин 2215 “Башка чыгымдар” статьясынан, Баткен райондор аралык прокуратурасынын имаратына кошумча курулуш куруу үчүн гоэкспертизадан өткөрүүгө 60000 сом бөлүнүп берилсин.
4. Баткен шаарынын ички жолдорун оңдоп түзөө иштери үчүн каралган 400000 сомго кошумча, муниципалдык менчик департаментинин 3111-статьясынан 250000 сом 4 кварталга 2214 “Транспоттук чыгымдар” статьясына кошулуп берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /З.Ахмедова/ тапшырылсын.
Төрага |
А. Ташбеков |