Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры № 01-10/52
Баткен шаарынын 2016-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2016-жылдын 1-январынан 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча отчетун жана жазма буйруктун көчүрмөсүн шаардык кеңештин кезектеги сессиясында кароо үчүн жөнөтүлгөн, аймактык бөлүмдүн 2017-жылдын 5-сентябрындагы № 01-12/573 катынын жана Баткен шаардык финансы жана экономика маселелери боюнча турктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаарынын 2016-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы кабыл алынсын.
2. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында көрсөтүгөн кемчиликтерди жоюуу менен кемчиликтерди кетирүүгө жол берген адистерге, чара көрүү жагы тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйнтыгы менен койулган талаптар аткарууга алынгандыгын КР Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмгө маалымдалсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин финасы жана экономика маселелери боюнча турктуу комиссиясына тапшырлсын.
Төрага |
А. Ташбеков |